Гүлнур Сатылганова "Келем дедиң"
03:53
3,54 Мб
Жүктөлгөн: 24-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Биримкул Алыбаевдыкы
Обону:Райхан Бейшеналиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Келем дедиң чабалекей келгенде,
Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге,
Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты,
Келгин куштар кайра кайтып кеткенде

Кайырма:
Келем дедиң кар түшкөндө талаага,
Келген жоксуң кечиктиң не садага.
Кар да кетти өзөндө муз ээриди,
Салып коюп муздак бир ой санаага.

Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.

Жылдар келип жылдар акты бир далай,
Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай,
Кетип жатып мага берген бир гүлүң,
Тереземде дале турат кургабай.

Кайырма:
Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.

Комментарийлер (5)

24.04.2013. 20:50
 begusia
Эх,керемет ыр...
12.03.2014. 12:02
 burka
гульнур эжедей кыргызстанда ырчы жок деп ойлойм ун десе бар,сулуулук десе бар, журоктон чыгарып ырдайт,
11.10.2014. 19:30
 rino849112
Sezimderdi oygoto turgan irda chyrkin.
31.05.2015. 08:57
 Meliana
Кандай сонун ыр.Жандуу уккулуктуу.
22.08.2015. 21:31
 dastan_nookat
Чынында керемет чыгарма !!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо