Токтобек Асаналиев "Толгонуу"
03:55
3,59 Мб
Жүктөлгөн: 25-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Эсенгул Ибраевдики
Обону:Жеңишбек Шамшиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Апамды мен кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү.

Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин өзгөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Жүрүштөрдө күнгө жеткен кулачың.

Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
Жолдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин терең жайган тамырым.

Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
Бул дүйнөгө сен тургузган эстелик.

Комментарийлер (3)

29.06.2014. 05:53
 aiza.kyrgyzkyz
Токо аке сиздей ырчы бул ааламга бир жаралып калган экен да . Кыргыз элим талантуу жигитибизди козу барда сыйлайлы!!! Кыргыз Республикасынын эл ырчысы деген наамды Маданият мнистирлиги ойлонуп корушсо болмок
24.03.2015. 14:22
 Ermek010292
Тексти жазып койгулачы админ! Алдын ала рахмат.Сураныч
18.04.2015. 01:58
 sarishka
Toko jakshi urdait soz jok,birok .......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо