03:29
3,19 Мб
Жүктөлгөн: 26-04-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:К.Алмазбековдуку
Обону:Б.Жандаровдуку
Көчүрүү
Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Жумуштан иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.
Көрүшкөн жандай жаңыдан,
Кете албай алыс жаныңдан.
Кылчактап улам кайрылып,
Кыйылган күндү сагынам.
Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр багынан.
Колума кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам.
Сагынам, сени сагынам,
Алыссың кантем жаныман.
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.
Комментарийлер (0)