Токтобек Асаналиев "Шолоктоп неге ыйладың?"
04:41
8,56 Мб
Жүктөлгөн: 26-04-2013
Жанр: Фольклор
Сөзү:Зайырбек Ажыматовдуку
Обону:Элмирбек Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.42/5
(12 добуш)
Жалганып сезим күйбөстөн,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлүң бизге үндөшпөй.
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы сенин кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап, буркурап,
Буркурап неге ыйладың?

Сооротор сөздү таба албай,
Солуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат, эй, нөшөр аянбай.
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?

Жалганбы сүйүү биздеги?
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө?
Арманбы өмүр тизмеги?
Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп, шолоктоп,
Шолоктоп неге ыйладың?

Комментарийлер (9)

10.05.2013. 13:41
 ak-47
унунуз сонун экен игилик сизге
02.11.2013. 12:44
 hanzada_samatova
Муунду ыр экен, создору да тим эле терилип жазылыптыр, журоко жетет. Абдан жакты конулун чогуп отурганда уксан чын эле ыйлагын келет. Авторлорго рахмат керемет ыр учун.
01.01.2014. 18:00
 dinaraaina
сонун ыр экен токтобек асаналиевдин аткаруусундагы улукмырза полотовдун айылыма деген ырын кочуруп коюнуздарчы суранам алдын ала рахмат
24.01.2014. 09:15
 admin_media
Gerezen,
Саламатсызбы! Жок, өчүрүлгөн эмес. Кандай катачылыктар болуп жатат?
25.01.2014 20:10
Gerezen
admin_media, не удалось деп эле бирдемде болуп жатат, башка файлдар шыр эле жуктолуп жатат, тушунбой калдым кимде ката?
Комментарийлерди жашыруу
27.01.2014 10:43
admin_media
Gerezen,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
26.01.2014. 11:51
 Gerezen
конвертированный варианттары болсо жуктоп корбойсуздорбу, сураныч
26.01.2014. 11:59
 Gerezen
дагы бир ырды издеп журдум эле, ырдын аталышы Эй адамдар деп аталат, Аскат Мусабеков менен бир ырчы айым ырдайткен, озум озум дей бербе, жалгыз озун айдабайсын омурду деген саптары бар, Кыргыз радиосунан уктум эле, табышып койсонуздар суйунотлем)алдын ала рахмат айтам
27.10.2015. 11:55
 ryskul94
Заирбек Ажыматов эмес Зайырбек Ажыматов да. Сонун ыр!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо