Мирбек Атабеков "Нурдануу"
04:23
6,03 Мб
Жүктөлгөн: 29-04-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону: Мирбек Атабековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(27 добуш)
Эң кымбат белектей,
Өмүрдү кадырлаш керектей.
Жеттимби баркына?
Аптыгам айта албай,
Артыма кайта албай.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнбөй койдум калпына!

Кайырма:
Бала кезге баргым келет,
Жалганды билбеген,
Жай-кышы гүлдөгөн.
Адам бойдон калгым келет,
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап...

Өткөндү кектебей,
Пейилиңди оңдосоң,
Өзүмчүл болбосоң.
Чындыктан четтебей,
Адамды сыйласаң,
Жан дүйнөңдү нур басат.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнө албадым калпына!

Кайырма

Бала кезге баргым келет,
Адам бойдон калгым келет.
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап,
Ак жашап...

Комментарийлер (22)

29.04.2013. 11:31
 AtankulovaB
Соонун ыр экен. Мага жакты.
29.04.2013. 12:07
 Nurik_UFC
мааниси жакшы жонокой эле ыр болуптур
29.04.2013. 14:12
 bela77
катардагы ыр..кайталап угууга не стоит(((
29.04.2013. 23:12
 bok2012
Акыркы кундору жакшы иштебей жатат!!!
30.04.2013. 02:18
 fayzi
Н.Насип менен Ильяз экоо элэ жакшы иштеп жатат и Авазда.
30.04.2013 17:08
Real_Madrid95
Эн жакшы ыр болуптур! Ырдын мааниси да обону да жакшы экен! Алга Мирбек! Мирбек аябай эле жакшы иштеп жатат, ырлары да соонун.
30.04.2013. 02:28
 Cho
fayzi туура айтасын
30.04.2013. 10:00
 Jenish_kg1
Sozunun ideyasy jakshy eken go jakshylap okup tushunup korsonor. Muzykalyk koz karash menen karaganda da ideyasy ku4tuu ele. Bolgonu karapaiym kalkybyz jenil yrlardy kop ugat okshoit 4agym da. Suidum kuidum yrlaryn. Bul jerde bir da soz aitylgan emes suiuu jonundo. Jakshy yr.
01.05.2013. 10:54
 Dilinaz
Мааниси абдан терен ыр экен. Мага абдан жакты! Ырды уккандан кийин копко ойлонуп отуруп калдым,жакшы сезимдерди ойготту...
01.05.2013. 19:26
 Nursultan.m.n
Бала кезге баргым келет,
Адам бойдон калгым келет.
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап,
Ак жашап...жакты мага
01.05.2013. 21:15
 Turdashka
жакшы ыр экен...
02.05.2013. 18:50
 aziko1414
jakkan jok jakwy yr kutom
06.05.2013. 16:49
 Nurik_UFC
Мирбек Кыргызстанда номер один, азаматсын
14.05.2013. 22:15
 Talant-Bek
Мааниси+5, Обону+5, Созу+5...
29.05.2013. 14:42
 MaksatXXI
Атабековдун кайсы ыры хитке айланган эмес? Мазмуну өтө терең ыр экен. Обону мактоого арзыйт. Атабековдун стилиндеги ыр экен.
20.06.2013. 15:52
 snejinka
суйом да ушул ырды кайталап уга берем кечке...негедир ыйланым келе берет...
09.07.2013. 11:25
 Sawa90
Мирбек ар бир баскан кадамынды жалан гана жакшы нерселер коштоп журсун.Ийгилик каалайм.
18.07.2013. 18:16
 nuris-best
жакбады ептеп эле ыр экен ушул да ырбы эми
04.08.2013. 16:03
 Aksaamay
bliiiiin vyswii klasss! molodes tak derjat`
19.09.2013. 12:08
 menedjer
maga jakty
13.10.2013. 19:23
 aidaibek
Мага Мирбек байкенин баардык ырлары жагат! Баха Акбеков
26.03.2014. 01:08
 elya-jan
ырдын мааниси жакшы экен. ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо