Кубик Калыков "Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм"
02:59
2,73 Мб
Жүктөлгөн: 01-05-2013
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Бүркөлүп кайра ачылып алмашылган,
Жайлоонун гүлүнө сен окшош элең.
Мөлтүрөп таза, тунук агып жаткан.
Сен анда тоонун күмүш булагы элең

Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.

Жок жерден күлкү таап, күлчү белең,
Жарк этип чагылгандай өттү ал кез.
Мөндүргө айландыго күн себелеп
Ал кездер сагынычка саргайды тең

Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.

Комментарийлер (3)

09.04.2015. 23:37
 Uson73
Ото сонун ыр.
14.01.2017. 18:10
 Baktiyar731
Автору ким? Билгендер болсо жазып койгула.
14.09.2018 09:22
Baktiyar731
Baktiyar731, Абдыманап Төрөбеков
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо