Сайкал Садыбакасова "Сен белең?"
03:58
3,62 Мб
Жүктөлгөн: 07-05-2013

Бул ыр Бек Борбиев менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Сөзү: Б.Борбиевдики
Обону: Б.Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.65/5
(20 добуш)
Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум,
Соороно албай сени күтүп таң аткан.
Түшүмдөгү экөө келет элеске,
Улам-улам менден узап бараткан.
Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан,
Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң?

Кайырма:
Сен белең, сен белең, ошол түшүм,
Ошол аян сен белең, сен белең?
Алыстагы ошол караан сен белең?
Сен белең, сен белең,
Менден узап кеттиң эле ким менен?
Ким менен? Сен белең?

Укпадың го, чакырганым билдиңби?
Карап койдуң бир кылчайып алыстан.
Асман жарып, дал ошондо ылдыйга,
Эки жүрөк учуп түштү жарышкан.
Тумчугамын, демим жетпей аптыга,
Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан?

Кайырма:

Комментарийлер (28)

07.05.2013. 16:54
 Адам
Дует жакты. Ошон үчүн + коём.
07.05.2013. 17:38
 Aiturgan
Сайкал жаздыргандан кийин озун уктунбу?
07.05.2013 20:00
xman
ува-ха-ха)))))! No comments..!
07.05.2013. 18:09
 Bekadyl
Жаккан жок. Мая м.н ырдаганы жакшы болчу.
07.05.2013. 18:13
 Bekadyl
Кыз Бурактын Берчи мага жарым кашык музыка, Аккуу белен Айперим деген ырларын кошуп койосунарбы сураныч
07.05.2013 19:22
admin_media
Bekadyl,
Сунушуңузга рахмат! Аракет кылабыз, бирок мындай суранычтар үчүн Суперстанда атайын тема бар ошол жакка жазсаңыздар
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=431&pid=1027355&st=420&#entry1027355
12.02.2014 15:39
Aisanat
Bekadyl, Akkuu belen aiperim degen yrdy Dinara Akulova yrdachu ele go.
Комментарийлерди жашыруу
12.02.2014 15:43
admin_media
Aisanat,
"Кыз-Бурак" тобу да ырдайт, шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/106153/
08.05.2013. 12:03
 chinko
Комментарий жазбай эле коеюн десемда озумду кармай албадым. Чайга сут эмес айран кошуп ичкедей болуп калыптыр. Такыр даамы жок окшошпоптур. Эконун уну бири бири топ келишпептир.
25.07.2014 04:23
aiza.kyrgyzkyz
chinko, завидуем молча))))
08.05.2013. 16:22
 gujunpo
Бек ырдаптыр, а Сайкал болсо жон эле кыйкыра бериптир.
09.05.2013. 07:32
 erkele
Сайкал эмне анча каншылайсын тобоо
11.05.2013. 02:23
 aravan.
ушул ырды Мая жакшы ырдаган Бек мн ошол ырды таппай журом,
13.05.2013 10:39
admin_media
aravan.,
Саламатсызбы! Сиз издеген ырды шилтеме аркылуу кирип уксаңыз болот)))
http://www.super.kg/media/audio/46191/
14.05.2013. 12:07
 Шаиста Шатманова
Мая менен ырдаган вариантка такыр жакындабаптыр. Ушул ыр өзгөчө жакчу эле.Модератор shasi түзөттү 14.05.2013 12:12
14.05.2013. 12:15
 Шаиста Шатманова
Экөөнүн үнү бири-бирине төп келишпептир. Бек байке жыйынтык чыгаргандыр, Сайкал дагы. Экөө тең өз алдынча мыкты ырдагандар, чогуу ырдай алышпаптыр.
13.02.2014 00:56
anjella8888
Шаиста Шатманова, Мая менен ырдаганы нееежно ырдашыптыр экоотен, ал эми Сайкал менен ырдаганы грубо и сексуально сезилди мага. Кому как....))))
05.06.2013. 10:41
 menedjer
эн жакшы кайра кайра угуп отурам
10.07.2013. 01:35
 Agusha
соонун ыр болгон
13.09.2013. 14:37
 Raumaa
Жаккан жок
23.10.2013. 21:25
 Tina_79
сайкал экинчи Бек байке менен ырдабай эле койчу сураныч унунор туура келбейт экен.жакшы ырды унун бузуп салыптыр.
06.04.2014. 19:57
 Lumia-800
Сайкал менен жаш ырчылардан бироого ырдатпатыр кормок элекда окшойт экенби.
17.04.2014. 10:47
 ere
бир укканга болот
17.04.2014. 12:01
 aylun
эки башка ырды бир учурда угуп аткандай эле болуп калыптыр го )))
18.04.2014. 19:45
 arena2014
бардык нерсенин биринчиси жакшы чыгат Мая супер ырдаган Сайкал окшоштура албаптыр жаль)))
11.05.2014. 21:09
 aldiyar97
Сайкал айым Берадор мырзаны уну менен кубалап жетпегендей туюлду.Мая менен ырдаган вариантында соз жок!Мага анчейин жакпады.
28.03.2015. 09:45
 femidakg
Чынында Мая менен ырдаган лучше чыгыптыр. О так Сайкал да жакшы ырдайт, мыкты ырчы, ийгилик! Бек байке экоонун үнү дал келбей калыптыр да.
29.06.2015. 00:34
 KblCHAS_KblZ
Мындайча айтканда опшум коошпой калыптыр бири бирине. Сайкал тамагы ооруп атып ырдаган го деген ой келди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо