Темир Назаров "Энекем"
05:01
9,18 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Айланайын эне деген сенин атыңдан,
Ааламда эч теңдеши жок затыңан.
Алыс жолго арыбастан барсын деп сени,
Ал күч берип, алпештедиң жашымдан.

Уйку көрбөй кечтиң түндүн неченин,
Ууз сүтүндү актап жашар бекенмин.
Ушул жашоо өмүр берсе канчалык,
Урмат кылып сага таазим этемин.
Маңдайымдан жылбай сен күлдүң,
Мага бердиң ыйык, аппак сүтүңдү.

Ай-күнүм, ай-күнүм, ай-күнүм,
Берекем асылым, көлөкөмсүң,
Атыңды данктаймын, атыңды энекем.
Ай-күнүм, ай-күнүм, ай-күнүм,
Берекем асылым, көлөкөмсүң,
Атыңды данктаймын, атыңды энекем.

Коргошундай ээрип сүйүүнүн табына,
Коштуң мени тирүүлүктүн сабына.
Коргоп келдиң сен мени эчен ооруу, сыркоодон.
Коркок кылып жүрөгүмдү кагыла,
Уйку көрбөй кечтиң түндүн эченин,
Ууз сүтүндү актап жашар бекенмин.
Ушул жашоо өмүр берсе канчалык,
Урмат кылып сага таазим этемин.
Маңдайымдан жылбай сен күлдүң,
Мага бердиң ыйык, аппак сүтүңдү.



Комментарийлер (4)

14.05.2013. 19:03
 eldiyarmacho
админ медиага чоон рахмат ишинине ийгилик аябай разымын
18.05.2013. 19:24
 bitel
клаассноооо
08.07.2013. 14:04
 menedjer
эн жакшы коргон ырым
20.08.2013. 20:19
 uty
Моладцы...аябай соонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо