Исирадин Аманбаев "Тоолук кыз болду периштем"
04:23
6,02 Мб
Жүктөлгөн: 14-05-2013
Жанр: Ретро
Сөзү: А.Барпиевдики
Обону:Исрадин Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Мен тоолорду сагынам,
Мелтиреп анда кар жатса.
Мелжиген бийик чокулар,
Мээрими күчтүү сыр катса.
Айланып келем күнү-түн,
Ашыктык артып тоо жакка.

Кайырма:
Жанаша бассаң
эргиткен,
Жайлоонун көркү
келишкен.
Жайдары мүнөз, кумар көз,
Тоолук кыз болду
периштем.
Тоо жели беттен сыласа,
Толкундайт жүрөк
кайрадан.

Топ улар үнү угулат,
Тоо гүлүн жыттап сайраган.
Ансайын күчөп махабат,
Сен болдуң жипсиз
байлаган.

Комментарийлер (3)

10.12.2016. 11:54
 Perii90
Мен издеп жургон ыр, кандай сонун жан эргиткен кандай керемет обон рахмат.
17.08.2017. 16:35
 Aytur
Керемет ыр
12.10.2020. 16:01
 Isikkolumkeremet
Биздин хит гооо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо