Дайыр Исмадияров "Жаным"
03:32
5,1 Мб
Жүктөлгөн: 14-05-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Исакованыкы
Обону:Эдил Маматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(34 добуш)
Балбылдаган көздөрүң арбады,
Балдай ширин сүйүүнү арнады.
Бакытым деп жүрөгүм тандады,
Бир сени, жаным.
Бапестеп жашайын сени ар дайым,
Балапаным, мендик болчу, айым.
Байлап алды күлгөнүң жайдары,
Сендик мен, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Жаркыраган жылдызым, аппагым,
Жамалың сулуу таңдын атканы.
Жаныңда кантип күндүн батканын,
Сезбеймин, жаным.
Жароокерим, кайдан сага кабылдым?
Жалгызымды издеп бүгүн таптым.
Жан дүйнөмдүн чырагын жандырдың,
Сүйүүнүн, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным, керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Комментарийлер (24)

14.05.2013. 17:37
 Nurik_UFC
оо жакшы элего
15.05.2013 12:39
Ima12
Nurik_UFC, Oo jakshy elego??? kak eto ponyat??? Voobshe to super )))
14.05.2013. 17:39
 Nurik_UFC
мага жакты 55555555+++++++++
14.05.2013. 18:50
 Aijana_Osh-city
5555555555!!!!!!жакты ,мыкты
14.05.2013. 22:06
 uluubek
жакшы ыр тага.ийгилик сизге
14.05.2013. 23:48
 zhakyp
Нормально
15.05.2013. 00:07
 asanchik
Мага аябай жакты.
15.05.2013. 03:08
 Bekish-kg
укса болот
15.05.2013. 13:18
 gul-bibi9109
Сонун ийгилик!!!
16.05.2013. 06:14
 Nelia
Дайырдын ырларынын баары женат мага!
16.05.2013 09:25
tynar92kg
укса болчудай эле экен
16.05.2013. 11:34
 Talgat_Osh
Супер пупер!
17.05.2013. 11:03
 Yu-piter
Азамат Дайыр, эң сонун чыгарма. Ушул калыбыңдан жазба, чыгармачылык ийгилик.
18.05.2013. 23:08
 kairat121212
Мага ушул чыгарма аябай жакты
20.05.2013. 10:29
 beksultan.inc
Эдиль Маматов чыгарган бул ырды,Дайыр жон эле ырдаган!
22.05.2013. 11:39
 sakibaev
Азаматсын дайыр кара кулжадан досун
23.05.2013. 11:14
 meerim197
Ыр сонун болуптур.Балапаным деген созундон.
24.05.2013. 22:55
 don.kg
Жакшыга окшош ыр экен
15.06.2013. 22:58
 Zarina8389-0912
жакты классно
24.06.2013. 13:30
 munchik.92
maga jaktygo.alga brat
02.07.2013. 22:42
 choal9887
сонун ыр экен жакты,чыгармачылыгына ийгилик
03.09.2013. 00:57
 Samara94
Жалжалым, мага, жаным керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.Жакты +1000000
26.09.2013. 17:25
 ky9lkech
сонун ыр красавчик
30.11.2014. 00:50
 roza.
Сонун ыр экен соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо