Айпери Кулбаева "Жанымда дагы бир аз отуруңуз (folk version)"
05:02
4,6 Мб
Жүктөлгөн: 16-05-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Абдирашит Урбаевдики
Обону:Эгемберди Талиповдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.22/5
(9 добуш)
Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз.
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Жайдары көздөрүңүз,
Жагымдуу сөздөрүңүз,
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.

Суранам тосолучу түнү менен,
Суранам тосолучу күндү бирге.
Суранам жаз гүлүндөй күлүп-жайнап,
Суктанып жыттайлычы,
Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге.
Тосолу күндү бирге,
Тосолу түндү бирге,
Суранам жаз гүлүндөй жадырашып,
Суктанып жыттайлычы гүлдү бирге.

Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Комментарийлер (7)

17.05.2013. 10:07
 fayzi
Негизи бул ырды ким ырдайт элэ?
17.05.2013. 13:15
 alisam
Айпери Азаматсыз! УКмуш ырдаптырсыз. Унго береке!
22.05.2013. 21:36
 sara90
toktobu 4erik4ieva yrdasa kerek menim4e...
25.05.2013 17:37
nurgul
ukmuw a9bai tyz.tyz
02.06.2013. 21:12
 makelen007
Bolot Toktobaev irdait
05.08.2013. 18:02
 sani--85
Рахмат ото жеткиликтуу ырдапсын
23.12.2013. 22:49
 pamiralai
Азаматсын Айпери,ырды жетээр жерине жеткирип аткарыпсын!!! Сенин аткарганынды автору укса -шолоктоп ыйламак,ал эмес биз да унсуз уктук,сыздадык!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо