Гүлнур Сатылганова "Эмне чындык?"
05:25
7,42 Мб
Жүктөлгөн: 23-05-2013
Сөзү:Эсенгул Ибраевдики
Обону:Аксубай Атабаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Жашоодо эмне чындык, эмне жалган?
Мээнетсиз жеңил жеткен бакыт жалган.
Убайын көрөр кезде умсундуруп,
Учуңдан кумдай чууруп түшүп калган.
Байлык, байлык жалган,
Бакыт, бакыт жалган.
Арман, ий, арман, арман,
Дүйнөдө эмне чындык, эмне жалган?

Өмүрдө эмне чындык, эмне жалган?
Жадырап жаздай келген жаштык жалган.
Баарына сунган колуң жетеринде,
Балынан аз таттырып тартып алган.
Жаштык, жаштык жалган,
Шаттык, шаттык жалган.
Аттиң, ай, арман, арман,
Бул дүйнө неге жалган, арман.

Турмушта эмне чындык, эмне жалган?
Күргүштөп өтүп жаткан өмүр жалган.
Бирөөнө алжыганча жашоо берсе,
Бирөөнө күлгүн кезде күйүт салган.
Өмүр, өмүр жалган,
Көңүл, көңүл жалган.
Арман, ий, арман, арман,
Дүйнөдө эмне чындык, эмне жалган?

Тагдырда эмне чындык, эмне жалган?
Бул собол бүтпөс суроо, бүтпөс арман.
Ханың ким, кайырчың ким, эч ылгабас,
Бир гана өлүм чындык, өңгө жалган.
Жашоо, жашоо жалган,
Өмүр, өмүр жалган.
Арман, ий, арман, арман,
Бир гана өлөрүң чын ушул арман!
Арман, ий, арман, арман,
Бир гана өтөрүң чын ушул арман!

Комментарийлер (30)

23.05.2013. 17:03
 Адам
Үн үчүн, талант үчүн, мыкты сөздөр үчүн, обон үчүн менден беш жылдыз!
23.05.2013. 18:25
 fanatka19
эн сонун!Гунур эже бар болунуз.
23.05.2013. 19:56
 Cara
Эн соонун ! Гулнур эже унунуз алтын да !Бар болунуз,талантынызга таазим :)сизге чыгармачылык ийгилик жана уй-булолук бакыт каалайм
23.05.2013. 23:38
 i-nurbek
Обонунузга обон талантынызга талант, каалайм.
24.05.2013. 00:00
 Nursultan.m.n
менин энемди эстетет ушул Гулнур эжем эмне дегенде Гулнур эженин унун жактырчу
24.05.2013. 14:13
 alisam
Укмуш сонун ыр экен!! Гулнур эже бар болунуз!
24.05.2013. 20:47
 kadyr1402
Талантынызга таазим этебиз эже!
25.05.2013. 13:35
 Debi
Мыкты экен!
26.05.2013. 01:08
 AzamatKG
Мыкты болуптур! Молодцы!!!
26.05.2013. 13:44
 manas_2525
Сонун Гулнур эже 5555555555555555555555555555555555555555
26.05.2013. 13:58
 Temari
"Эстедим бугун алма жытуу
айылымды, уйумду. Эселеп учкан ....."
деп башталган ыры бар го... Ал да
"Туулган жер" деп аталса керек. Ким
билет? Кимде бар? Болсо жуктоп
койгулачы... Абдан, абдаан, абдааан ыраазы болот элем...
27.05.2013 18:33
admin_media
Temari,
Саламатсызбы! Сиз сураган ырды эртеңден медиа-порталдан уга аласыз)))
Комментарийлерди жашыруу
27.05.2013 23:00
Temari
admin_media, чоооооон рахмат сиздерге. Ыраазымын.
29.05.2013 10:41
Temari
admin_media, менин суранычымы аткарып коюнуздарчы,сураныч
04.06.2013 16:40
admin_media
Temari,
Сиздин суранычыңыз боюнча)))
http://www.super.kg/media/audio/91141
04.06.2013 22:08
Temari
admin_media, рахмат, мынча жакшысыздар а?
05.06.2013 09:33
admin_media
Temari,
:) Рахмат!
27.05.2013. 13:37
 Nurlan_E
Керемет ыр экенго чиркин бар болунуз.
31.05.2013. 11:09
 bekos2012
ГУЛНУР эже бар болунуз, СИЗ кереметсиз, сизди суйом
05.06.2013. 13:42
 bantik
Соз жок. Турмуштун таза, ачуу чындыгы чагылдырылган обонуда, созу да, аткарган адам да кучтуу. ото кучтуу трио.
26.07.2013. 02:04
 tolkunbek
СУПЕР Гулнур эже +5.
14.08.2013. 14:59
 Asus84
журокко жеткен мунду айткан ырлардан экен бали
19.08.2013. 13:43
 жоогазын
эн сонун!
29.04.2014. 18:21
 eliza_88
бул ырды Гулнур эженин концертинде угуп отуруп көзүбүзгө жаш алганбыз!аябай муңдуу ыр!(((

03.06.2014. 17:43
 sesh_elya
Канча аракет кылсам дагы тембрим жетпей койду абдан мыкты ыр.
11.10.2014. 01:29
 emantekova
100 жолу уктум эч тажабай чогу ырдадым го чиркин чоон рахмат Гулнур эже ушундай ырларынызга
02.03.2015. 12:12
 admin_media
Elnuram090,
Саламатсызбы!
Уюлдук телефон менен кирсеңиз оpera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
23.04.2015. 17:31
 Altynai05
Ооочень понравилась, классная песня
28.04.2015. 11:48
 biikech0
сонун ыр
22.08.2015. 21:26
 dastan_nookat
Мааниси сонун экен !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо