Неля "Атаке"
03:19
3,04 Мб
Жүктөлгөн: 25-05-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(12 добуш)
Өрүктөр бышкан малында,
Өмүрүң күлгүн чагында,
Өкүнтүп бизди атаке,
Кайрылбай кеттиң алыска.

Өзүңдү жоктоп сагына,
Тагдырга калдык таарына,
Элесиңе зар болуп,
Апакем калды артыңда.

Кайырма:
Тирегим менин, кымбатым менин,
Ардактуум менин атаке
Айткан сөздөрүң, жылуу көздөрүң
Дайыма жашайт эсимде,
Ыйлайт жүрөгүм, сыздап жүдөдүм,
Түшүмө кирчи суранам.
Калдым мен жалгыз
Күн өтөт сансыз
Кыйналдым алсыз арманда.

Сен бар кез калды кап-кайда?,
Кайрылып келбес жактарда.
Ырымда жашап каласың,
Мен үчүн жок башка айла.
Элүүгө жашың чыкканда,
Алдырып ажал душманга,
Кызматын көрбөй кыздардын,
Калтырдың бизди арманда.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

26.05.2013. 14:38
 Karysh
+5 аталар бар болсун.
26.05.2013. 17:35
 begusia
Атамды эстеп,аябай ыйладым(((
29.05.2013. 04:14
 zulya
Аябай жакшы ырдаптыр . Мага жакты .
28.01.2014. 00:39
 gemma95
:'(( атакееееем,ата сизди сагындым,менин да тагдырым камтылыптыр ырда,эч качан ата энелер оорубасын,аталар бар болушсун,..(((( ыр жакшы..
10.02.2015. 01:02
 dastan_nookat
Клипбин жуктоп койсонуздар
22.07.2017. 16:27
 Ger_energy
Ото маанилуу жазылган ыр!Абдан жакты.
24.07.2017. 15:21
 Самира Шарипова
Өлгөн атаны табуу такыр мүмкүн эмес экен
08.12.2019 23:57
Samira98
Samira98,ммм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо