Болот Тасмаев "Аманат"
04:07
9,39 Мб
Жүктөлгөн: 28-05-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Тобокел Кашкарбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.28/5
(18 добуш)
Жан курбум, жашыбай жакшы кал, курбум,
Жамынып түндү узадым, жазганы ошол тагдырдын.
Кош дечи, арманга бирок кошпочу,
Айланып келем ыр болуп,
Айрылуу эмес, коштошуу.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жаштыгым шамдай жандырдың,
Ардактап алгын өчүрбөй, астында калса жамгырдын.
Агарып, ай нуру менен таралып,
Ал күндөр кирет түшүмө, айрылуу эмес, аралык.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Жан курбум, жабыкпай жакшы кал, курбум,
Өзүңдү түнгө тапшырып, сөзүмдү сага калтырдым.
Кош дечи, а бирок көзгө жаш алба,
Ар убак жүрсөң эскерип,
Айрылуу эмес, ажал да.
Өмүрдө ыйык түнөгүм,
Өңдөнөт ысык жүрөгүм,
Өчпөсүн жүрөк, өчпөсүн жүрөк, тилегим.

Комментарийлер (12)

28.05.2013. 16:21
 Kutbidin
Болот Тасмаев менен Алтынай Нарбаванын акткаруусундагы "Сен билген жоксун" ырын жуктоп койсонуздар. Чон рахмат!
04.06.2013 12:59
admin_media
Kutbidin,
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
31.05.2013. 07:18
 M.Lancer
Ушул ырды 3 жыл издедим эле
31.05.2013. 17:54
 Bekabeku
Очпосун журок тилеги
26.07.2013. 22:08
 slanting
апам менен атамдын жакшы коргон ыры!очпосун журок тилеги!
02.09.2013. 07:15
 blak.star.kg
Эх,кандай сонун ыр!
01.03.2014. 13:20
 kabylan.dili
Журокко аябай таасир этчу ыр экен. Бул дуйнодон кетип бараткан адамдын ырыго
04.03.2014. 18:57
 zhiyde86
Ушул ырды коптон бери издеп таппай жургом, башка ырчы ырдаса керек эле. Кайсы ырчы аткараарын так билбейм, ошол вариантын да жуктоп койсонуздар жакшы болмок, Болот Тасмаев ылдамыраак ырдайт экен. Рахмат
04.03.2014. 22:29
 Nice0101
Maga ayabay jakty uwul yr,maaniluu,sozdoru zamatta jurokko jetet!
06.03.2014. 23:28
 SuLuWkA
Созу абдан маанилу аткаруусу да мыкты ийгилик сизге.
07.03.2014. 10:22
 kadam
Медер Кадыршаев ырдаганда, жүрөгүнүн түпкүрүнөн сызылып чыккан букту,оор үшкүрүктү,арманды байкоого болот. Бу жигиттен андай таасирлүү сезимди байкаган жокмун,эски ырды кайта ырдап койгону эле болбосо, аранжировкада деле жаңылык жок, гармония баягы эле TSD чыкпаптыр,аттиң,жок дегенде учкундай жылт эткен жаңылык киргизсе.
28.03.2014. 09:18
 amir.a
Ээн соонун абдан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо