Болот Тасмаев "Ак чардагым"
03:03
5,58 Мб
Жүктөлгөн: 28-05-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Тынчын алып бейкут көңүлдүн,
Ак чардагым неге бөлүндүң
Керемет күч бийлеп сезимде,
Келбейт сенден азга бөлүнгүм,
Ак чардагым келбейт сенден азга бөлүнгүм.

Ал күн жатат толкуп, шарпылдап,
Канаттары нурга жаркылдап.
Учуп-конуп ойноп жүргөнүң,
Унутулгус элес калтырат,
Ак чардагым унутулгус элес калтырат.

Ак чардагым көлдүн эркеси,
Азыр өзүң чүрөк эңсөөсү
Канат кагып сага баратам,
Ак чардагым алыс кетпечи,
Ак чардагым суранам эй, алыс кетпечи.

Тынчын алып бейкут көңүлдүн,
Ак чардагым неге бөлүндүң
Керемет күч бийлеп сезимде,
Келбейт сенден азга бөлүнгүм,
Ак чардагым келбейт сенден азга бөлүнгүм.

Комментарийлер (4)

06.06.2013. 11:30
 Мэри
Жаман эмес...
Бул ырды Улан Качкыналиев да сонун ырдаган. Аныкын да жуктоп койсо сонун болмок...
13.06.2013. 16:44
 Kutbidin
Саламатсыздарбы! Сиздерден сураныч Б.Тасмаев менен А.Нарбаев дуэт ырдаган "Сен билген жоксун" ырын да жуктоп койсонуздар!
13.06.2013 16:49
admin_superstan
Kutbidin, ал ыр жеке Болот Тасмаевдин аткаруусунда бар:
http://www.super.kg/media/audio/91063/
17.02.2017. 14:24
 kanat_myrza
создорун кочуруп коесуздарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо