Айжамал Кабылова "Бир өзүң бол"
03:58
7,25 Мб
Жүктөлгөн: 31-05-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Алишер Мамадалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(36 добуш)
Бир өзүң бол даба болгон дартыма,
Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма.
Бир өзүң бол жашоодогу боёгум,
Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм,
Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм.
Бир өзүң бол оргуштаган булагым,
Мүрөк болуп кандырчудай кумарым,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Комментарийлер (43)

02.06.2013. 21:09
 meineblume
Wauuuu sooonun yr boluptur!!! Iigilikter Kaalaim
03.06.2013. 12:52
 alaika.kg
Соооооонун ыр экен! :-) Кайра-кайра угуп атам, тажаган жокмун. Уккан сайын уккум келип атат. Урматтуу суперчилер, сөзү, обону кимге таандык экенин да жазып койсоңор жакшы болмок. Алдын ала рахмат)))
03.06.2013. 13:42
 gooool
Сонун,бирок башка бир элдин ырларына окшоп жатат,которгон эмесби.
03.06.2013. 16:50
 Bombarbio
Музыкасы чындап эле башка элдин стилинде жазылгандай.
03.06.2013. 17:47
 Айпери Сыдыкова
Bul yrdy atayin Tashkenttegi kompozitor Alisher Mamadalievge atayin zakaz menen jazdyrdy.Al emi sozu Nurkan Koichumanovaga taandyk.Ech kanday kotorulgan emes.Al kompozitor Aijamal Kabylovanyn Jyparym degen yryna da obon jaratkan.
04.06.2013 21:48
gooool
Айпери Сыдыкова, Кайсыл жерде болбосун сен чыга калат экенсин да...)))
06.06.2013. 10:15
 admin_media
KUMARJAN,
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Ал колдонуучу өз ой-пикирин гана жазды!
06.06.2013. 14:45
 Aygerim_tls
super +55555
09.06.2013. 22:35
 Nurik_UFC
абдан сонун ырдаган
18.07.2013. 15:39
 Arina_kg
Жанымдан артык суйомун сениии деп бир укмуш айтыптыр ушул жерин. Ырды ушул фразалар ачыптыр! Бул айымдын уну алтын! Анан озу да дайым маанилуу ырларды ырдайт!
19.07.2013. 00:48
 sara90
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.. men da janymy artyk suiomun...
19.07.2013. 00:50
 sara90
jan ergitken muzuka boluptur,,,4ygarma4uluk yigilik kaalaim aijamal eje...sizdi urmattap sindiniz samara... dosunuz kyz jibektin sindisi bolom...
04.09.2013. 10:53
 Bolotbek7404
супер ыр, аябай сонун 5
08.10.2013. 15:31
 Baizakk11
Жакшынакай ыр экен мага да ая бай ж акты супер.
12.10.2013. 07:55
 knk
Жакшы создор бар экен. Мага аябай жакты. Ийгилик сага Айжамал.
19.10.2013. 06:47
 AmanKim
+5555555 super
25.10.2013. 22:27
 slanting
соонун ыр экен))))
01.11.2013. 12:02
 ken-shkol
soooonun yr eken
27.11.2013. 23:43
 Eli75
Кыргыз ырчыларынын арасындагы "Ак куу", уну мукамдуу, жагымдуу озгочо талантуу ырчы айым Айжамал. Атына заты жарашкан аялзаты,бактылуу бол. Ырын учун рахмат.
01.12.2013. 21:39
 Tomega
Соз жок.Соонун ырдаган.
04.12.2013. 15:05
 uty
Азаматсыз Айжамал эже мага аябагандай жакты бир угуп эле жактырып калдым сиздин бардык ырларыныз жагат и сиздин ырларынызды унунузго окшотуп ырдагым келет
18.12.2013. 20:53
 Maximus
Сонун ыр болуптур
18.12.2013. 22:59
 nurbek290992
Айабай сонун ыр экен. Мага жакты. Азаматсыз Айжамал эже. Бар болунуз!
24.12.2013. 12:51
 MaRmeLaDka
Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм,/Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм./Бир өзүң бол оргуштаган булагым,/Мүрөк болуп кандырчудай кумарым...
16.01.2014. 02:26
 Nuriik
u6ul yrdy ukkanda jurogum oorup ketet...menin ja6oomdo bir eles kaltyrgan adamdy esteim...ubakyt...
30.05.2014. 00:42
 Nynysh
Мага аябай жакты кудум эле мени ырдап журсун деп жазгандайго!!!!!!!!класс
05.06.2014. 22:29
 ayka.1991kg
Мурда ырына конул бурган емесмин ырдаганын коруп жакты мага мындайын конул бурамын игилик сизге
28.06.2014. 01:39
 Baizik
С ее песнями я вырос,когда сейчас слышу ее песни опьять свое детство вспомнил.Respect вам Айжамал....)))
06.02.2015. 01:54
 Arzymat1991
Чындыгында сонун ыр уну да сонун +5555566677788899910
26.03.2015. 10:35
 ere
жакты
10.04.2016. 08:17
 jeri88
Сонун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо