Гүлнур Сатылганова "Туулган жер"
03:40
6,7 Мб
Жүктөлгөн: 04-06-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(5 добуш)
Эстедим бүгүн алма жыттуу айылымды, үйүмдү,
Эркелеп күлгөн эселек үнүмдү.
Сагыныч коштоп, жаным күйүп от болду,
Мезгилден сурадым, бейкапар убагым,
Каякка жок болду?
Жоктодум анан өмүрдөгү аялуу дүйнөмдү,
Балалык кезди, бактылуу күндөрдү,
Жылт этип учкан жылдарымды ким көрдү?
Бар эле атакем, бар эле апакем,
Жоготтум кимдерди?

Көзүмдө туулган жер,
Көпөлөк кууган жел.
Айылыма барайын,
Алдыма буудан бер.
Ал кезим кайрылбас,
Айла жок буугам бел.
Бир гана айрылбас,
Туулган жер, туулган жер,
Ыйыгым сен, оо, туулган жер.
Топ жылдызың жерге жакын,
Толкундап, ырга салып келген акын.
Сууларың балдай татып таңдайымда,
Күн болуп маңдайымда,
Туулган жер, жана бер!

Айылыма барайын.
Алдыма буудан бер.
Өмүргө канайын,
Бал таткан суудан бер.
Көзүмдө балалык,
Көпөлөк кууган жер.
Ал кезим кайрылбас,
Айла жок буугам бел.
Бир гана айрылбас,
Туулган жер, туулган жер,
Оо, ыйыгым. туулган жер.

Комментарийлер (2)

26.11.2013. 10:44
 ialykA
ээх, кандай керемет...
28.03.2014. 10:29
 belya
Ырды угуп ыйлагым келип турат, киндик канын тамган жерден айланып кетеримди билип бук болуп олтурам. "Тан сыры" ырында айтылгандай "арбалсан да бир келеерсин Ала-Тоону коргону" деп, жеримди сагындым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо