Керим Турапов "Эне жөнүндө баллада"
4:48:00
4,4 Мб
Жүктөлгөн: 12-06-2013
Сөзү:С. Өмүрбаевдики
Обону:А. Атабаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Тамчыдай денедеги сүтүң менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруңа, мээримиңе магдыраткан,
Маңдайда менин батпас күнүм белең?..

Кайырма:
Асыл энем, таалайым - сенсиң энем,
Жыргалым - сен, бакытым - сен,
Сүйүктүү менин энем.

Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,
Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.
Алдыңа ажал келип турса дагы,
Мен үчүн жанды курман кылат элең.

Кайырма:

Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
Асманда ай нурундай асыл энем.
Көзүңдүн карегиндей көп аяган,
Алтындай эмгегиңди неге теңейм?

Кайырма:

Комментарийлер (1)

15.06.2013. 13:42
 Fasebook
Асыл энем, таалайым - сенсиң энем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо