Алмаз Шаадаев "Ананайын"
04:17
9,78 Мб
Жүктөлгөн: 25-06-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Доорон Жолдошевдики жана элдики
Обону:Доорон Жолдошевдики жана элдики
Көчүрүү
  • Currently 4.15/5
(26 добуш)
Ананайын, ананайын,
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Кеттиң кайда, кеттиң кайда?
Күттүрбөстөн тезирээк келчи кайра.
Мен өбөйүн бетиңден кайра-кайра.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Кара көзүм, кара көзүм,
Кара көзүм, карегиңден карачу элем.
Асмандагы жылдыздай самачу элем.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Сен ошондо, сен ошондо,
Жашың жетип он сегизге толгондо.
Сенин тоюң башка менен болгондо,
Кыялбастан ал тойго мен барганда,
Сен карадың көз кырыңдан.

Кош бол, жаным, кош бол, жаным,
Мен сен менен түбөлүккө коштошомун.
Аргасыздан мен башкага баш кошомун.
Кимге барсаң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Ананайын, ананайын,
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Комментарийлер (28)

25.06.2013. 18:55
 shazi
Во азамат сонун ырдаптыр, кайра кайра уга бере турган. Ийгилик сага Алмаз.
25.06.2013. 19:23
 kani86
Азаматсын Алмаз.ушул ыр сенин унуно жараша турган ыр болчу.билгениндей эле ырдапсын 5 деген баа.жаным го жаным жакшы кором ушу баланы
25.06.2013. 22:36
 PROS
Ырчыны тааныбайт экем, действительно голос подходят! Жаш кезим эске тушуп кетти. Ийгилик сага Алмаз!
25.06.2013. 23:46
 Bekish-kg
жок4 жок жок!!!болбойт.жарашбаптыр.бул ырды мындай ун менен ырдабайт!!!жумшак кылып жана созуп салыптыр.классиканы бузбай эле койбопсун.
26.06.2013. 00:12
 Boss.kg
жакшы эле жоктон кору жогору
26.06.2013. 01:05
 dosbol
super misuc
26.06.2013. 02:06
 Puwkin
Nurlan, Avaz, Almaz uchoo okwow yrdayt! tuurayby birbirin dep koydum.
26.06.2013 19:10
kepka
Puwkin, баары бир поколение бир го.Бирок алга осо бер.
26.06.2013. 07:21
 EMMI
эн башындагы проигрышты окшото албаптыр.озгорулуш деле болбоптур ошондой эле.жаш кыял тобу кандай карайт эми билбейм.аззамат алмаз аракет кыл жакшы аткарыпсын.звезда болуп ооруба да.мен сенин байкен болом общагада жургондо
26.06.2013. 12:56
 batyrkul
moldes bro... dagy dagy iygilik saga
26.06.2013. 21:38
 azamat_aruuke
бул ыр ушундай кайгылуу ыр экенине маани бербей келипмин.азыр билдим.азамат алмаз жагымдуу ырдапсын
27.06.2013. 15:41
 Umka220190
Көчүрүп алдым, азыр эле... Эми кошулуп ырдайын ))
28.06.2013. 03:24
 maksat83
araket kylyptyr jigit azamat
28.06.2013. 16:43
 Begimkyz
Ватать сонун го*)))
29.06.2013. 16:19
 Aigul-aigul
Чынын айтыш керек анча болбоптур Доорон Жолдошевдин аткаруусунда сонун болчу
30.06.2013. 16:54
 Raumaa
Өзүңөр эле кыйын ырдай тургансып айта бербегиле да, аябай сонун ырдаган, вокалы жакшы. Андыктан музыкадан билими жоктор унчукпагыла. .келечектеги хит!!!
17.08.2013. 00:24
 Kesh
Krasava. Men yrdap jurgon yr turbaiby...
29.08.2013. 16:33
 Nursaikal
издеп жургон ырым, увааах
09.09.2013. 17:44
 Aitowka2013
эн соонун доорон байке да жакшы ырдаган бирок алмазда кем калбаптыр молодецсиз алмаз байке)))
11.10.2013. 18:22
 Aiganysh
чын журоктон ырдаптыр
21.12.2013. 19:21
 fanatkg
Супер, Алмаз
22.02.2014. 20:19
 Askatbek92
Мага ооло жагат да ушул ыр уккан сайын уккун келет. Сиздерден сураныч СУПЕР_ИНФО ушул ырдын минусун киргизип койунуздарчы. Алдын ала рахмаат..
05.03.2014. 14:38
 alai.gulcha94
Во ушу ыр жагат да
01.09.2014. 17:54
 mega.argen
Жок начар жакпады
08.10.2014. 16:56
 Нуркыз Курманбек кызы
красавчик
12.12.2015. 03:11
 Torreto
Жок жакпады.Жакшы ырды бузуп коюпсун.
10.05.2017. 04:20
 Elamanjanybekovkg
Брат ушул ырын болбоптуур
29.09.2019. 05:02
 Alitunka88
Так себе.Такое ощущение как буто заплачет оригинал лучше
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо