Бекчоро "Рахмат сага"
03:29
4,79 Мб
Жүктөлгөн: 03-07-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(9 добуш)
Алла Таалам энчилеген,
Ата-энебиз эркин берген.
Асылым, ай, ай нурундай,
Бактыбызды мен тилегем.

Ак сүйүүнү соолутпадык,
Бар сезимди толуктадык.
Нике буйруп жан эркем, ай,
Жөндөн-жөн биз жолукпадык.

Кайырма:
Рахмат сага, рахмат сага,
Ыраазымын мен бактыма.
Күлгүн жаштын гүлүн терип,
Тартууладың бакыт мага.
Рахмат сага, рахмат сага,
Жарык берген нур жолунда.
Жүрөгүмдө өзүң,
Жолун таптың бир болууга.

Көөдөндөгү жан ырым сен,
Күн нурундай жарыгым сен.
Кайгы-күлкү тең бөлүшкөн,
Жашоодогу жарымым сен.

Шылдыр аккан мүрөгүм сен,
Арзып соккон жүрөгүм сен.
Бакыт балын бирге таткан,
Бул дүйнөдө түгөйүм сен.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

03.07.2013. 13:06
 Nurik_UFC
угууга боло турган ыр экен жакшы, мага жакты
03.07.2013. 19:39
 PROS
Жакпады.
04.07.2013. 17:51
 TolonturCN
Жакшы, мусулмандай ырдапсың Бекчоро.
10.07.2013. 05:37
 mirlanusenov
Буюрса мен дагы кийин келинчегиме ушул ырды ырдап берем,,,,, Рахмат сага ,,,,,
10.07.2013. 05:38
 mirlanusenov
Ушул ырдын туура жана толук тексттин жазып коюңуздарчы сураныч
11.07.2013. 09:39
 mirlanusenov
чоооң рахмат,,, рахмат сага,,,
11.07.2013 09:40
admin_media
mirlanusenov,
Текстин жазып койдук, эми ырдай берсеңиз болот)))
Комментарийлерди жашыруу
11.07.2013 09:48
mirlanusenov
admin_media, рахмаат силерге ,,, Бир сунушум бар мүмкүн болсо ырлардын минусун кошо жүктөй аласыздарбы???
11.07.2013 10:08
admin_media
mirlanusenov,
Саламатсызбы! Жок, тилекке каршы биз жүктөй албайбыз. Ырдын минустарын колдонуучулар "элдик аудио" бөлүмүнө жүктөй алышат.
15.07.2013. 15:53
 don7sky
Азаматтсыз! Чыгармачыл ийгилик каалайм!
13.08.2014. 23:00
 kmLove
супер
12.08.2015. 12:56
 sezim96
Жакты мага аябай эле сонунго угуп тажабайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо