Жоодарбешим "Жан тумарым"
03:50
6,99 Мб
Жүктөлгөн: 10-07-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.20/5
(20 добуш)
Ай карап, күн санап,
Үмүтүм жалындап күткөнмүн.
Келбедиң кайрылып,
Жүрсөм да өзүңдү сагынып.
Курчаган жалгыздык,
Кубаты күч алып, жанчыды жанымды.
Жазыксыз жүрөгүм,
Эзилсин мейли, сени күтөмүн.

Жабыркап барат жаным,
Алсырап соолуйт каным,
Жан тумарым, сени эстеген сайын.
Жабыркап барат жаным,
Алсырап соолуйт каным,
Жан тумарым, сени эстеген сайын.

Күндөрүм күтүүгө,
Түндөрүм үмүткө байланды.
Мен байкуш эмне кылам,
Жүрөгүм сооротуп отурам.
Тагдырым тайкыбы?
Жаңылдым-жаздымбы?
Билбедим таппадым,
Дарманым калбады,
Күтүүгө башка сени, ардагым.

Кайырма:

Комментарийлер (15)

11.07.2013. 11:07
 ana222
Mykty yr....muzykasy jana unu soonun eken..
23.07.2013. 22:44
 meninmekenim
jabyrkap barat janym alsyrap sooluyt kanym.jan tumarym seni estegen saiyn eeeeh kanday gana sozdor!!!
31.07.2013. 10:03
 AshatMJ89
Фристайлдын Ах какая женщина деген ыры менен Айгерим Расул кызынын "Алма бак" деген ырынын обондорун кошуп туруп бир чыгарып коюптур, кайран)))
05.08.2013 08:56
anjella888
AshatMJ89, birok al yrlarga salyshytyryp bolboit! bul yrdy kayra kayra ukkun kelet,al yrlardy men az ele ukkam! mynday yr jok dep oiloim bizde!!!vobshe super yr
05.08.2013. 08:58
 aybekbrat
Супер ыр екен,радиодон дайым укчу элем!
19.08.2013. 18:16
 Aygerim_tls
Азаматсын!
02.09.2013. 14:37
 Specsgruppa_NSS
Мен бул ырдын атын угуп кызыккан деле эмес элем... Жакшы ыр экеню!
18.09.2013. 23:57
 SuLuWkA
эн соонун ыр ийгилик сага
17.10.2013. 01:29
 jigitaly
Azamatsyn
07.01.2014. 09:50
 abai
сонун
07.01.2014. 22:35
 AZAP_2009
Жоодарбешим Нурлан Насип менен бирдей болойун дееп жаткан го дейм!) молодец ийгилик!
08.01.2014. 00:24
 aziko1414
jakkan jok oto jaman
09.03.2014. 22:52
 kizburak.81
Ырлары баары эле жакшыго уккулуктуу ийгилик сага Жоодар
17.03.2015. 19:00
 Swallow
Молодец! Сенин баары ырларын жагат, ырларын угуп сонун эс алам. А бул ырга келсен аябай сонун ыр экен, сага албан албан ийгилик, мындан да жакшы ырларды жарата бер. Алга Жоодарбешим!!!
15.05.2015. 12:46
 Nur92
Супер ушул ырдын клибин киргизип койгулачы мумкун болсо? Рахмат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо