Айжамал Кабылова "Кечирип кой"
04:41
10,7 Мб
Жүктөлгөн: 18-07-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(12 добуш)
Өмүрүмдүн жалгыз арманы,
Өкүнүчтүн жансыз салмагы.
Өзүң деген ыйык тилегим,
Өргө жетпей өксүп калганым.

Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Чулгап алып мени кусалык,
Сени күткөн күндөр узарып.
Өмүр токтоп ошол ирмемдер,
Отургансыйм жылбай тушалып.

Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Салаалаган ысык жаш тамып,
Самабадым неге башканы?
Жазда кирген албуут дайрадай,
Сагынычымдын ашып-ташканы.

Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Комментарийлер (3)

04.08.2015. 01:19
 Begimkyz.
Жакшы ыр!
25.12.2015. 03:27
 Arman
Багратионовская метродон Филевский паркка барып ошол жерде токойду аралап козго жаш алып ыйлап ыйлап уктум
09.07.2017. 02:42
 arzygulR
Соонун ыр жакшы ырдаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо