Гүлнара Кахарова "Сүйүү жазы"
03:44
6,81 Мб
Жүктөлгөн: 23-07-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Карагулованыкы
Обону:Т.Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.

Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң,
асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң,
асылкечим?

Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат.

Биз бөлүндүк жамгырлуу жаздын түнүндө,
Кош айтыштык апакай кайың түбүндө.
Андан бери жылдар өттү тизилип,
Келатасың ыр болуп менин үнүмө.

Комментарийлер (9)

08.02.2015. 09:12
 Aruzat
ушул ыр сонун да неге комментарий жазбайсздар?????????????????????
17.02.2015. 19:16
 Kairatmyn
Даа бул эже каякта экен озу
11.06.2015. 00:42
 daniel87
Унунуздон сиздин ий эжем конулдун чери жазылат
01.08.2015. 21:03
 abdykadyr
Жаштыгымды эстедим ,Араван районунда пахта терип жүргөң кездери ушул музыкага классташ кыздар менен вальска түшчүү элек...
01.08.2015. 21:04
 abdykadyr
Гулнара сиз сөз жок...Молодец!!!
04.09.2015. 21:46
 Gulnur1980
Эн сонун ыр! Азаматсыз Гулнара эже!
28.09.2015. 23:36
 jypar.i
Эң сонун, бул ыр белгилүү обончу,аткаруучу Т.Казаковдун ырларынын эң жакшы ырларынын бири, өзү да жакшы аткарат, Гүлнара да жеткиликтүү аткарыптыр. Көпчүлүк учурда кайсы бир ырды жаңылап ырдайм деп бузуп салат эмеспи
19.02.2017. 23:07
 Rasul94
укпай эле кочуром бул эженин ырларын бар болунуз
16.05.2017. 10:43
 m_93kg
аябай жакшы ырдайт уну да уккулукту бар бол эжеке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо