Айжамал Кабылова "Күттүм сени"
02:56
2,68 Мб
Жүктөлгөн: 23-07-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү: М.Жангазиевдики
Обону:Б. Токтобаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(9 добуш)
Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уясынан уйкусурап жатканча.

Кайырма:
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?

Күттүм сени,
Шүдүрүмдүн тамчылары акканча.
Жеңелерим чака кармап,
Сууну көздөй басканча.
Күттүм сени, күттүм сени,
Сен да мени күтөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына,
Калагы жок түшөрсүң.

Күттүм сени,
Күн баткандан таң сүрүлүп атканча,
Үкү келип,
Уясына уйкусурап жатканча.
Күттүм сени,
Кайда жүрдүң?
Кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып,
Эмне мынча алдадың?

Комментарийлер (5)

25.07.2013. 11:39
 nargizka.kg
Булбулдай болгон унунуз очпосун!
12.07.2014. 22:45
 Boss_Boss
Айжамал эже сизге игилик денсоолук,унунуз аябай соонун.
11.06.2015. 12:23
 vera23
Сонун чыгыптыр айжамал еже сапар менен ырдаганызды удалить етип салын.бали
28.07.2015. 08:56
 aiperishka87
Соз жок соооонун
11.05.2016. 18:02
 Guljamal_2116
Сооонун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо