Гүлнара Кахарова "Бир келип кетчи Ош жакка"
05:46
10,56 Мб
Жүктөлгөн: 24-07-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү: А.Урбаевдики
Обону:А.Төрөбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөлдөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.

Кайырма:
Э-эй, жылмайып жүрөк эргиткен,
Жаныңдан өзүм, садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Суу болуп алып аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.

Кайырма:

Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм, сендей жанды эңсеп.

Кайырма:

Эңсеген менин жазымсың,
Кел, жаным, көңүл ачылсын.
Ак куудай каалгып учайын,
Буулуккан черлер жазылсын.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

30.07.2013. 02:07
 Fatmagul
Ура! Ушул ырды суранган элем,рахмат силерге Супер!
01.06.2014. 02:11
 Mariyana
соонун ыр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо