Замир Мырза, Айжамал Кабылова "Ага-карындаш"
04:19
7,89 Мб
Жүктөлгөн: 26-07-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Замир Мырзаныкы
Обону:Замир Мырзаныкы
Көчүрүү
  • Currently 4.08/5
(24 добуш)
Апакемдин ай жүзүнөн үзүлгөн нурусуң өзүң,
Таза мээрим дептерин ачкан гүлүмсүң өзүң.
Мен деп жүргөн белегим,
Бир тууганым, эрмегим.
Жанымда болгун,
Ооматым болгун,
Бакытым болгун менин!

Кайырма:
Апакемдин табериги,
Карындашым өзүң.
Бактылуумун тар дүйнөдө,
Жанымда бар өзүң,
Жанымда бол өзүң.

Агам бар го деймин, назик көңүлүм чөгүп калса,
Сизден башка кимим бар, бир тууганым, агамдай?
Жалгыз ишенгеним,
Калканым, тирегим.
Жүзүңүз дайым,
Жарык нур болсун,
Кудайдан мен тилеймин.

Бакытыма аман болгун,
Бир тууганым, агам.
Бул дүйнөдө эч теңи жок,
Мээримдүү бек агам.
Кадырлуу бек агам!

Көңүлүм толуп, эстетип толкуп,
Көздөрүң апакемдин.

Жарты көңүлүмдү бүтүн кылыңыз,
Дайым башымда туруп.

Комментарийлер (29)

26.07.2013. 19:32
 Rinatik94
Супер,жакты.
26.07.2013. 21:07
 Laden
Ушундай ынтымак болсо экен баардык бир туугандар бир өмүргө.
27.07.2013. 06:00
 Alisher
super en jaksi irdaobodunda arkaruuchu Zamir Ayjamalda jetkize irdagan irdi ugup bir tuugandarindi estep rahat al;chuu ir ekn..
27.07.2013. 08:42
 general2030
Сонун карындаштарыбызды урматтап журолу...
27.07.2013. 18:25
 Raumaa
Жакшы.
27.07.2013. 22:28
 bilal.83
Замир Мырза ырдабай эле койсон болмок, Айжамалдын голосуна тен келе албайсын баарыбир.
27.07.2013. 23:29
 Asiyo
Айжамалдын уну сонун э
28.07.2013. 21:28
 Davlethan
Замир деле жакшы ырдайт.Айжамалга соз жок аябай жакшы ырдашыптыр азаматсынар ийгилк каалайм.
29.07.2013. 02:36
 chikago
Сумсак ыр андай деле эмес болуп калыптыр...бул менин жеке оюм:-)
29.07.2013. 03:26
 aigulkg
соз жок,сонун ыр.ийгидик силерге Замир жана Айжамал.
29.07.2013. 06:20
 gul-bibi9109
Сонун соз жок,укканымда мурашкалар чыгып кеттиго,аябай жакты экоонуздорго чыгармачылык ийгилик!))))
29.07.2013. 07:53
 koshmatov
сонун
29.07.2013. 11:43
 Fasebook
молодец
31.07.2013. 01:52
 turatbekovna81
Айжамал талантын оркундой берсин!уй булоон менен аман бол! Бир туугандарын дайым жанында аман болсун!
31.07.2013. 02:30
 peri05
Ачыгы анча эменс жон эле дын дын болуп туратго жакшы иштей алышпаптыр
31.07.2013 16:32
zigana
peri05,ozundun kolunan bir deme kelebi ozu?bir jakshyna ele yr ekengo,koro albastardyn sany koboidugo bizde,aman ele bolgulachy
31.07.2013. 14:46
 Zharkusha_80
Азаматсын.
02.08.2013. 14:26
 Guliza
Эн сонун ыр экен,ырдай турган ыр экен. Бир туугандарымды эстеп,сагынып кеттим.
08.09.2013. 13:00
 Jamalym
Агам бар го деймин, назик көңүлүм чөгүп
калса,
Сизден башка кимим бар, бир тууганым,
агамдай?
Жалгыз ишенгеним,
Калканым, тирегим.
Жүзүңүз дайым,
Жарык нур болсун,
Кудайдан мен тилеймин.

Биз да эки эле бир тууганбыз,апам менен акемден башка жологум жок.Ыр абдан жакты :) карап келсе баарыбыз бир тууганбыз кыргызым!!!
14.10.2013. 11:06
 admin_media
Амир,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга, шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
14.12.2013. 20:57
 begusia
Узбекче ырды которуп койуптурго,же алар которуп алышканбы?!
05.05.2014. 02:14
 Elnuram090
мага аябай жакты ушул ыр башка элдин ыры эмеспи озубуздун эле ырлар болсокен
05.05.2014. 02:21
 Elnuram090
азаматсын Замир байке озуно таандык турбайбы аябай таланттуу экен жакшы чыгарма жаралыптыр
04.07.2014. 14:13
 sapargul
орусча айтканда вызываюший создорду эле колдонгону болбосо эч кандай мааниси деле терен эмес, обону деле анча эмес просто жакшыраак аранжировка кылган.
11.07.2014. 22:22
 djazi
sapargul,кыйын болсон мындан жакшы ыр обону мн жазып чык.колундан келеби?
16.07.2014. 11:34
 sapargul
djazi сезим, туюм барбы? жакшылап уксаныз.Бул ырда тема жакшы. акын менен иштешип, обонун чийки катырбай бышырса сонун ыр болмок . Албетте бул менен жеке оюм короалбастык эмес.кыйын болуу деген созду алсыз адам айтат. жакшы ырларды мага чейин эле залкар акындар ,обончулар жазып келе жатышат
28.03.2015. 23:19
 aikitili
en jakwy.maga abdan jakty.klipin korup yilagam.super.tak derjat'!!
03.04.2016. 09:30
 abde-7082
Сонун ,,жакты.
18.11.2017. 20:44
 adi_ko.kg
Супер го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо