Топчубай Айтмаматов "Арман ыры апакем"
03:56
3,6 Мб
Жүктөлгөн: 31-07-2013
Жанр: Ретро
Сөзү:Жамал Эшалиевдики
Обону:Т.Айтмаматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(5 добуш)
Эстей берем унута албай элесиң,
А сен, апа, түбөлүк сыз жердесиң.
Куса болуп бейитиңе келгенде,
Кайрат кыл деп жүрөккө дем бересиң.

Алтын апам, кымбат элең биз үчүн,
Асыл элең ага-тууган, эл үчүн.
Балдарым деп төккөн эне мээримиң,
Бакыт эле, ырыс эле биз үчүн.

Алтын апа, кеттиң неге эртелеп?
Баса албадың небереңди жетелеп.
Кайгы басып, боздоп ыйлап буркурап,
Кала берди балдарың бой жете элек.

Урмат көрүп жашаар кезде ачылып,
Апакебай, сенден калдык айрылып.
Балдарым деп айткан насаат сөздөрүң,
Унутпастан биз эстейбиз кайгырып.

Укта, апа, гүл кучактап уктагын,
Биз ыйлайбыз, бирок аны укпагын.
Периштелер гүлзарынан узаткан,
Атыр жыттуу бейиш гүлүн жыттагын.

Комментарийлер (7)

31.07.2013. 22:33
 Alisher
Maaniluu ir eken Ata-Eneleribiz baktibizga ar dayim bar bolushsun ,.....
31.07.2013. 23:18
 asal
азамат талантына таазим.жаны ырларды кутуп калабыз
01.08.2013. 12:00
 Jakusya
Ушул агайдын атын коп укканмын, анан ушул ырды жактырчумун, бирок билчу эмесмин ким ырдашын. Агай. жаны ырларынызды кутуп калабыз.
01.08.2013. 18:26
 taku88
дагы башка ырлары бар эле сураныч киргизип койосуздарбы
02.08.2013 09:47
admin_media
taku88,
Саламасызбы, ырлары толукталат)))
01.08.2013. 23:16
 baxxa
эн маанилуу ыр
19.11.2014. 05:17
 mega.argen
Сөз жок ырга да ырчыгы да ийгилк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо