Роза Шакирова "Жаштыгым менен сырдашуу"
03:22
6,16 Мб
Жүктөлгөн: 01-08-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:А.Өзүбековдуку
Обону:А.Өзүбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(25 добуш)
Ойлосом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.

Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.

Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экенмин байкабай.

Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай жаштык турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.

Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.

Комментарийлер (31)

01.08.2013. 13:11
 fanatka19
абайлап Журбой кокустан
ашыпмын бугун отуздан.эн сонун ыр экен.бугун туулган кунумдо ушул ырга бийлебесем болбойт.Роза айым ишинизге ийгилик.унунуз очпосун.
01.08.2013. 15:03
 nurizka
Баарибир сонун!!!
01.08.2013. 16:33
 dikeii
админ медия. карап карап кайрадан сени самап куттум куттум куттум жалжалым жалгыздыктан тажап буттум. деген ырды ким ырдачу эле таппай жатам.
02.08.2013 13:14
Schookum
dikeii,
Toktobyby Cherikchieva urdap jyrchyy
01.08.2013. 16:39
 Lazat
dikеii Токтобубу Черикчиева ырдайт медиа порталда бар ыры
01.08.2013. 16:44
 dikeii
lazat. адан башка жакында эле уккам бир бала ырдачу. ремикс сыяктуу.
01.08.2013. 20:15
 Lazat
dikеii Иса Омуркулов ырдайт болуш керек кирип корсон медиа порталга
01.08.2013. 21:26
 Lazat
Создору жакшы экен, 5+ Роза эже чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
02.08.2013 13:15
Schookum
Lazat,
Sozdoryv Asulbek Ozybekov agayubuzga taanduk
01.08.2013. 22:53
 erkekyz22
СУПЕР ИНФО чоон рахмат) Силер СУПЕРсинер)
01.08.2013. 22:53
 erkekyz22
Роза эже азаматсыз чыгармачылык ийгилик сизге булбулдай болгон унунуз эч очпосун!
01.08.2013. 23:56
 dikeii
lazat. чоон рахмат, иса ырдайт экен.
02.08.2013. 20:49
 Baktyluumun
Сонун ыр экен жакты!
03.08.2013. 00:02
 ulukbek
супер ушул эженин аябай уну жакшы ырлары да манилу
04.08.2013. 11:23
 TasmaOSH
35 ден 70 чейинки адамдардын ыры экен
17.08.2013. 09:49
 Eshka
Отлично, суперрр...
18.08.2013. 20:50
 bailanbas
Обону А.Озубековко таандык болушу мумкун бирок созу Озубековко таандык эмес.
09.10.2013. 22:56
 Zakat
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын менда отуздан:(
12.11.2013. 00:56
 akylai0012
супер ыр!!!!
24.12.2013. 15:47
 mila6ka
роза азамат ушул ырын мага абдан жакты унуно соз жок
29.01.2014. 17:54
 Nursultan.m.n
вооо
ушул ырды издеп жургон болчум))
Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.
24.02.2014. 14:40
 Aipri
Мага жакты ыр. Роза эже азаматсыз!!!!
02.04.2014. 21:39
 romen
эки куплетти Байдылда Сарногоевдин кырк жашка чыгып не кылам деген ырынан экен!
15.04.2014. 14:38
 nazi66
Сооонун ыр,тажабай, кечке уга берчу ыр! Бул ыр учун Асылбек Озубеков агайга жана жакшы аткарган Роза Шакирова эжеге рахмат айтам. Ийгилик, жана дагы да ийгилик!
17.04.2014. 09:03
 AikoWka
Супер инфо, ушул ырды дагы бир жигит ырдаган варианты бар, ким ырдайт, жуктолгонбу, билбей жатам, жардам бериниздерчи суранам...
17.04.2014 10:46
admin_media
AikoWka,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/81701/ шилтеме менен кириңиз, Асылбек Өзүбеков аткарган.
Комментарийлерди жашыруу
17.04.2014 15:19
AikoWka
admin_media, Асылбек Озубеков аткарган варианты эмес экен, мен сурап жаткан ырды жаш адам аткарган, жана билишимче жакындан бери эле радиолордон жанырта баштады. Жай ырдаган, 40 жашка шашып не кылам деген ыр саптары бар болчу, таап бериниздерчиииии суранам. Заранее спасибо!!!
17.04.2014 15:27
admin_media
AikoWka,
Акбар Сүйүнбаевдин аткаруусундагы "Мезгил" деп аталган ыр.
http://www.super.kg/media/audio/96669/
17.04.2014 15:42
AikoWka
admin_media, Чоооооон рахмаааааааааааааааат!!!!! Ушул ырды издеп жатканмын да.
24.05.2014. 14:55
 karlik
Ырлары керемет да Роза эжебиздин
05.12.2014. 16:58
 oscar
Асылбек Озубеков жакшы ырдаган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо