Gulzada "Толгонуу"
04:53
4,47 Мб
Жүктөлгөн: 05-08-2013
Көчүрүү
  • Currently 4.88/5
(8 добуш)
Жалган дүйнө кезип,
Чаңдар өткөн безип.
Жараткандын дүйнөсү,
Жакшылыкка үндөчү.
Аруу, аруу тилек,
Армандарды жиреп,
Аталардын керээзи,
Таамай аткан жебеси.
Эй, эй, эй...

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

Кайдан, кайдан келдиң?
Укчу, укчу кебим.
Карегиңде сыр бардай,
Миң бир түркүн кыр бардай.
Шамал, шамал менен,
Шамда, шамда келген.
Шайыгы да кайыбы?
Байкап турган жайыбы?

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

Комментарийлер (4)

13.11.2013. 21:30
 ilknur_95kg
бул сыяк ырлар кыргыздарда аз,ошол учун азаматсын Гулзада сизге ийгилик.
09.01.2014. 13:33
 ilknur_95kg
eng mykty yr. Soz jok waikewtigine. Azamatsyz Gulzada
24.07.2015. 20:30
 dastan_nookat
Акылым жок деген ырга караганда алда канча мыкты ыр экен!!!
04.03.2016. 11:56
 Kanimet
Акылым жок ыры чын эле акылы жок болуп калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо