Топчубай Айтмаматов "Апакемди эскерем"
07:12
16,47 Мб
Жүктөлгөн: 05-08-2013
Жанр: Ретро
Сөзү:Т.Айтмаматовдуку
Обону:Т.Айтмаматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.17/5
(6 добуш)
Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.

Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.

Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?

Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

07.08.2013. 13:38
 mikinookat
oshol ubakta bizdin territoriyada aiabai hit bolgon bul yry
17.12.2013. 13:13
 mansur2284kg
Тайкем
19.11.2014. 05:14
 mega.argen
Чыгармачылык ийгилик
26.06.2015. 00:25
 Take200182
Салам админ медиа ушул ырдын мындан да мурун чыкканы бар эле анысы кичине жай ырдалган эле,кийин ушунусун ремикс вариант кылып чыгарган эле бирок эконун аралыгы бир жыл айырма болчу,ошол мурункусунэч эле табалбай койдум сиздерден суранаарым ошонусун таап бере аласыздарбы?алдын ала рахмат.
28.06.2015 07:54
admin_media
Take200182, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
05.07.2015. 14:01
 Take200182
Саламатсыздарбы админ медиа менин сунушум эмне болду?таба алдыныздарбы?рахмат!
05.07.2015. 15:04
 Take200182
Топчубай айтмаматовдун "кош бол айпери"деген ырын дагы жуктоп койо аласыздарбы?рахмат
23.07.2015 16:35
admin_media
Take200182, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо