Алтынай Нарбаева, Токтобек Асаналиев "Сени гана издедим"
04:27
6,1 Мб
Жүктөлгөн: 08-08-2013
Жанр: Фольклор
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл дегдеп ошондо,
Көп гүлдөрдөн сени гана издедим.

Асылкечим, ошол мага туу болду,
Жүрөккө дем, көңүлгө ынак гүл болду.
Доорун сүйүп, элин мактап жактырар,
Көлдө сүзгөн аппак, чүрөк куу болду.

Эгер мени кайгы булут каптаса,
Ачык бойдон, ачык асман, таптаза.
Үмүт жылт деп, үйдүн куту жарк этип,
Өмүр чеги өрдү көздөй акпаса.

Гүлдү көрдүм, аяп аны үзбөдүм,
Бирок калды жаз гүлүндө менин издерим.
Эмнегедир көңүл көксөп өмүрдө,
Сан гүлдөрдөн сени гана издедим.

Комментарийлер (4)

09.08.2013. 10:49
 koroleva_zimy
Кандай сонун аткаруудагы ыр! Коушулуп ырдап жиберет экенсиң, текстин да жакшы илипсиңер.
08.06.2014. 14:19
 kai008
Мааниси секирип чыгатко жалгыз ырдаса жакшы боломок атак соз жок 555555555555555555+
17.10.2014. 21:26
 MARINA78
Эки ырчы ырдын майын чыгара аткарышыптыр го
03.12.2015. 18:42
 Shef87
Кетпейм сага жолукмайынча деген ырын таппай атам го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо