Топчубай Айтмаматов "Апакемди эскерем (new version)"
07:05
13,74 Мб
Жүктөлгөн: 13-08-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.42/5
(12 добуш)
Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.

Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.

Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?

Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

13.08.2013. 19:11
 Samat.A.A
Апалар бар болтун бактыбызга
13.08.2013. 22:21
 baxxa
кадырлуу апларыбыз бактыбызга бар болсун
14.08.2013. 21:49
 graffbatkensky
Апалар таазим силерге!
16.08.2013 01:46
nookat
graffbatkensky, апалар
20.01.2014. 23:22
 askat.92
апаларга терен таазим
04.04.2018. 00:31
 Aitik
Мындай мыкты ыр эми жаралбайт.
Акыркы 30 жылдын эң мыктысынын мыктысы
04.07.2018. 00:58
 Asan_Nookatk.kg
Сонун чыгарма сөз жок апалар Аман болгула бактыбызга бар болгула
23.11.2018. 20:11
 moskyrsat
Соз жок Апалар Аман болсун . Кылымдын ыры
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо