Алтынай Нарбаева "Арзуу жыты"
03:18
6,03 Мб
Жүктөлгөн: 14-08-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.86/5
(7 добуш)
Ажайып деп тоонун гүлүн искеген,
Арзуу жытын неге мурда сезбегем.
Ушунча жыл өмүр сүрбөй кур, бекер.
Балким, сенин жытың гана издегем.

Алыс кетсем илебиңди сагынам,
Ооруп калсам, жытың татсам айыгам.
Сен жыттанган шамал уруп турса деп,
Мен ичимден табияттан жалынам.

Мындай жытты кызганышар арчалар,
Арзуу жытын сезбей өтөр канчалар.
Көз жумарда не деп сүйлөйм билбеймин,
Жытың искеп анан, мүмкүн, жан чыгар.

Торгой өңдүү тоо гүлдөрүн эңсегем,
Жытың издеп жолго чыгам күндө мен.
Сендей жакшы жолукса да жашоомдо,
Сендейди мен таба албасмын дүйнөдөн.

Комментарийлер (3)

19.08.2013. 02:15
 fayzi
Мааниси ото терен бул ырда бир сыр жатса керек э эжеке?
25.08.2013. 22:09
 Dolbooruwka
kandai gana sooonun yr? jytyn iskep anan balkim jan chygar kandai soonun yr saptar
17.10.2015. 01:51
 Gulya.akbaralieva
Сооонун ыр. Тексти журогуно жетет. Азаматсыз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо