Султан Садыралиев "Кыйнаба"
03:18
3,04 Мб
Жүктөлгөн: 20-11-2009
Сөзү:К. Качкынбаеваныкы
Обону:А.Такырбашевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.90/5
(10 добуш)
Турмушту бирге жеңбедик,
Туудай термелип,
Туруп бербедик.
Түйшүгүн тартып келемин,
Түркүн жемеңдин,
Билбей себебин.
Жай таппай желдей желемин,
Жашоо желегин,
Жайбай келемин.
Жер кезип издей беремин,
Же бир сезбедиң.

Кайырма:
Убалым ойлоп койбодуң,
Унутпай сени ойлоймун,
Укпадың анын аныгын же болжолун.
Кызгантып мени кыйнадың,
Кыйылып мен да кыйбадым,
Сеземин качан махабаттын жыргалын?

Үмүтүм куру камчылап,
Күтөм канча убак?
Күйүп жанчылап,
Өрттөдүм өзгөнү коштой,
Жагылган оттой,
Жаратым козгой.
Азабың тартып жүдөдүм,
Алсыз жүрөгүм,
Алдап жүрөмүн.
Сыр бербей сырдан күлөмүн,
Сыздап жүрөмүн.

Кайырма:

Комментарийлер (43)

25.11.2009. 15:45
 Galya
Султик молодец! сонун ыр экен
27.11.2009. 06:17
 Demon
norma ele eken sonun degenge bolboyt
27.11.2009. 13:45
 Акжол
Султан эн сонун ырдайт!!! Молодец!!! Ушундан тайба!!
29.11.2009. 16:47
 ulukbek
отлично просто супер азамат султан ийгилик сага :)
29.11.2009. 18:38
 BEKTUR AZHO
СУЛТАН АЗАМАТСЫН... СЕНИ АЗЫРКЫ ЫРЧЫЛАРДЫН БИРИНЧИСИ ДЕГИМ КЕЛЕТ... СЕБЕБИ СЕН МЕНЕН МЕН ЭКООБУЗ СУПЕРБИЗ... ЖАНА АР ДАЙЫМ БИРИНЧИБИЗ...
01.12.2009. 13:12
 anakonda
Рахмат, мен жонундо ыр экен.Которулдубу жокпу, голосу кандай экенинин бизге эмне кереги бар, ырдын максаты адамды ойготуу журогун козгоо. Бул ыр максатына жеткен."Жашоо желегин жайбай келемин","Туудай термелип бербедик" "Сыр бербей сырттан куломун, Сыздап журомун..." (Во о чем надо петь а не "жаным, суйдум, куйдум") Текстин авторуна рахмат. Ким болду экен?
01.12.2009. 13:35
 ulukbek
Супер бир гана клип жетишпейт ыр жакты
03.12.2009. 01:45
 Сыйкырчы
БИлбейм бирок мага жакты Султандын ырлалы жага бербейт еле
05.12.2009. 03:22
 kyrs
Cули бул ырды озуно арнап ырдаган, суйгон кызы менен ажырашкандан бери арыктап ырдабай да койду эле. С возвращением Сули у тя золотой голос.
05.12.2009. 03:28
 kyrs
Мен да ушундай абалга кабылгам эн жаман кундор. Тамак отпой уйкун качат уктап ойгонсон кайра эсине тушот, кыйналасын короче.
05.12.2009. 03:28
 spinkub
Ырын жакты жарайсын досум!!!
05.12.2009. 10:23
 Сыйкырчы
кочуруго болобу экен
07.12.2009. 05:28
 Jigito
ниче се нормально ))
11.12.2009. 08:23
 dilara
Salam SS!Udachi!Vse otlichno!
16.12.2009. 17:19
 anakonda
Чын эле Кундуз Качкынбаева болсо рахмат!
16.12.2009. 18:25
 Flowergirl
песня супер соз жок
07.01.2010. 11:27
 Jandusik
Султандын талантына таазим!!! Ырларын угармандарга жеткируу аракетин унутпайт. Ырдын мазмууну жакты, ийгилик сага Султанчик!
09.01.2010. 13:38
 BEKTUR AZHO
уккум эле келе берет
19.01.2010. 11:39
 anakonda
Айтпа, умутту куру камчылап канча журобуз! Кыздардын ыры, но Султандан башка мынтип жеткире ырдай алмак эмес.
29.01.2010. 14:43
 Айзиля
Журокко жеткен создор. Сонун ыр.
04.03.2010. 06:07
 Замира
men kununo jok degende 3 iret ugam...
super yr
24.05.2010. 10:11
 joseph brain
ушул акыркы мезгилде Султандын ырларын уксам ыйлагым келе берет.Журогум эзилип кетет.
05.08.2010. 12:04
 Nunu
Ушуга окшогон ырларды уксам журогум ооруйт.Кайгылуу ыр экен.
30.08.2010. 05:33
 Merischka
soonun yr eken syzdaty daaaaaa
11.11.2010. 00:58
 SIMA
ыйлагыны келтирет!!! жакшы ыр
24.02.2012. 22:57
 pochanta
Сеземин качан махабаттын жыргалын?
01.03.2012. 09:46
 mana
супер инфо сиздерден сураныч С Садыралиевдин кантейин деген ырын жуктоп койгулачы алдын ала ракмат
13.03.2012. 09:36
 aman-88
угуудан тажабайм го ушул ырын.берилип ырдаган жан дуйнону эзип
08.06.2012. 22:41
 wumwuk93
en mykty 4ygarma ..... alga sultan4ik
09.01.2018. 21:04
 Mister.Erik
Журоктон тунок тапкан ырлар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо