Алихан, Иса Өмүркулов "Кыргызстан"
04:06
3,75 Мб
Жүктөлгөн: 19-08-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Аскалуу ак бийик тоодой,
Көркөмүнө көзүң тойбой,
Айта берсең сөзүң жетпейт чегине.
Кылымдардын агымында,
Кыргызстан деп аталып,
Мекен болуп келет кыргыз элине.

Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.

Кайырма:
Алга, алга!
Алгалай бер ал-күчүң барда.
Эркиндикке бөлөнүп,
Элиң сансыз көбөйүп,
Өркүндөй бер, өсө бер, талба.

Атагың бар алыс кеткен,
Көтөрүлүп Айга жеткен,
Ата Журтум, кадыр-баркың жогору.
Кыргыздардын ким экенин,
Өзгөчөлөп маалымдайт,
Манас баатыр басып өткөн жолдору.

Берекеге толгон жер деп,
Белгилүүсүң баарына.
Бекем тынчтык сени коштоп,
Жүрө берсин дайыма.

Кайырма:

Комментарийлер (2)

19.08.2013. 19:12
 aibektemurov
Бул ырдын оригинал варианты Айгул Исаева - Баткеним деп аталат. Бул жактан уккула
созу, обону Сагын МОЛДОЕВдики
http://www.super.kg/media/useraudio/96023/
01.09.2013 23:50
ysmanali
aibektemurov, молодец братан!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо