Акбар Сүйүнбаев "Мезгил"
03:38
4,99 Мб
Жүктөлгөн: 26-08-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Б.Сарногоевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(11 добуш)
Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.

Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.

Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
"Агатай, кайра кайрыл" деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.

Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми шакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.

Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.

Комментарийлер (10)

27.08.2013. 13:13
 Bagirra
Абдан мааниси терең ыр , бир угуп жүрөгүмө абдан жакты.
Азамат Акбар, мындан аркы ийгилик
27.08.2013. 19:09
 patriottkg1
тушунуп уксан ойго салат го атин ай тез тез еле омурун отот екен :'( :'(
27.08.2013. 21:10
 omurbek9393
келбей тур келбе 70
27.08.2013 23:39
MMA_1
omurbek9393, Жашсын али коркушка эрте))) Ыр жакшы экен!
01.10.2013. 19:06
 Arsongseng
жакшы ыр экен жакшы ырдаптыр ийгилик сага!!!
05.02.2014. 05:37
 Vishnya-87
Азаматсын Акбар,ото жогорку денгээлде ырдагансын.
Талантын ташкындасын.
05.02.2014. 06:01
 miraida-88
Талантына таазим!Эхх жашоо жашоо!
11.07.2014. 21:28
 Hanzada
суппер ийгилик сизге !!!
05.04.2016. 00:35
 Mirelina
Абдан жакты!
09.03.2019. 18:25
 Bratsk123
Азаматсын Акбар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо