Борончу Кудайбергенов "Кечиккен махабат"
04:31
3,1 Мб
Жүктөлгөн: 29-08-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Түшүнгөн соӊ байкабай келгенимди,
Түйшүк тартып, кыйналсын дегениӊби?

Жүзүӊдөн күлкүӊ төгүлүп,
Жүз түркүн сырга айландыӊ,
Орто жаш кезде көрүнүп,
Ооркчан кылдыӊ адамды.

Жаштык кезим бекерге өткөндүгүн,
Жамалыӊды бир көрүп сездим бүгүн.

Кайчылаш жаткан жол менен,
Кездешпей жүрсөӊ кантейин.
Кайраттуу кезде кайда элеӊ?
Кечиккен жалжалым менин.

Ансыз деле чектелүү өмүрүмдү,
Арман менен достошуп өткөрөмбү?

Аксатпай Теӊир сүйүүдөн,
Пендесин кемсиз кылбайбы.
Арзыбас болуп бул дүйнөӊ,
Сүйүүгө сараӊ турбайбы.

Күлгүн жаш кез кайда элеӊ,
Күйдүргөн жалжалым менин.

Комментарийлер (2)

06.06.2014. 14:26
 isakov76
урматтуу администратор, ушул ырдын текстин берип коё аласыздарбы
06.06.2014. 18:24
 isakov76
Чооң рахмат, текстин жазып алдым....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо