Нэна "Кыялымда"
03:40
4,19 Мб
Жүктөлгөн: 30-08-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(10 добуш)
Мен жалындуу дем менен,
Жарышып жел менен.
Умтулам максатымды бекемдеп,
Бийикти көздөй талпынып, талыкпай.
Жылдыздарды бет алып багыттай,
Учкум келет кыялды кууп жетем деп.

Кайырма:
Бийиктен туруп өмүрдүн бүтпөгөн рахатына канбаймын,
Түбөлүк бакыт баарына ниетимден арнаймын, туптунук дем менен.
Аздектеп сүйүүнү жаңыртып, обондой бүткүл жердин шаарына,
Бейпилдик, шаттык, бүтпөгөн кубаныч тартуулап,
Мен баарына бийлеймин ыр менен.

Жол алдыда кеткенин адамдар өтпөгөн,
Мен барам кыял менен ашыкпай.
Жаркырап улам үмүттөр чакырат,
Канатымдан шоолалар чачырап,
Учкум келет, бийикке такыр чарчабай.

Кайырма:

Комментарийлер (16)

30.08.2013. 18:24
 antivir
эмнеге уй-булоо кургандан кийин ушундай слабо болуп каласынар?(((
30.08.2013. 20:33
 omurbek9393
Музыкасы жакшы экен.
30.08.2013. 21:26
 KGMuslim
Рахмат Супер.kg жамааты кечее радиодон угуп олло издедим эле. Оперативдуу киргиздинер ырды рахмат
Рахмааат! Ыраазымын
30.08.2013. 23:32
 Nurik_UFC
жакшы экен мага жакты
31.08.2013. 19:34
 kg.ik
саламатсыздарбы супер инфо. Мумкунчулугунор болсо бир ырды таапбергилечи сураныч. Ырдын кайырмасы эле эсте калыптыр.
Кайырма:
жандуйном биирозунсуз тоолукталбай.
Журомун аргасыздан соолуп калбай .
.......
Журомун оозумду аяп ооруп калбаай.

Ким ырдайт билбейм бир эжекеси ырдайт. Алдын ала чоон рахмат.
31.08.2013. 23:20
 rs7777777
Супер.kg саламатсыздарбы Динара Акулованын аткаруусундагы суротун берчи мага атту ырын эч бир сайттан таба албадым. Мумкун сиздерде болсо жуктоп кое аласыздарбы,алдын ала рахмат Россия Улан-Удэ шаары.Азизбек.
02.09.2013 14:03
admin_media
rs7777777,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, жакынкы арада жүктөп коебуз.
Комментарийлерди жашыруу
07.09.2013 19:29
kg.ik
admin_media,
саламатсыздарбы! биз сураган ырды таба албадынарбы?
07.09.2013 19:41
admin_media
kg.ik,
Саламатсызбы! Автордон алып, жүктөгөндө шилтеме берип коебуз. Рахмат!
16.01.2014. 16:11
 nazarnew
саламатсыздарбы супер kg жамааты бактыгул бадыеванын неге кыя албайм деген ырынын тексттин таап жазып аласыздарбы алдын ала ырахмат
16.01.2014 16:34
admin_media
nazarnew,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/92239/ ушул шилтеме менен кириңиз.
17.01.2014. 19:59
 nazarnew
оон ырахмат сиздерге супер инфо жааматы мындан ары да онугуп осо бериниздер, дайыма ийгиликтер коштосун сиздерди
02.03.2014. 21:25
 nursultan929292
Саламатсыздарбы Супер-инфо? Нена ырдаган дагы бир "Бийиктик"-деген ыры бар экен. Таап бере аласыздарбы?
24.04.2014. 20:13
 DinMuhammed001
саламатсыздарбы. Ненанын оз аты ким
15.05.2015. 06:28
 peki
Уфф ушу кайсар нена тойгузду. Биз уже ырчыларды да барып-барып сыйлабай калат окшойбуз. Айланайын ырчылар! концерт курсанар ушу билетинерди зордоп сатканды токтоткулачы сураныч тойгуздугар го я....сенин ошко койуп келчуу концертине эч ким келбесин билесин ошондуктан зордоп сатканга ортого чондорду аралаштырып не кереги бар эле.
15.05.2015. 06:33
 peki
Адамда уят,намыс деген сапат жок болуп баратат. А неге Гулнур Сатылганова ошондой зордоп билетин сатуу учун аракет жасабайт себеби билебиз бул ырчы эжебиздин концерти 5 кун аншлаг мн отоорун. Ар бир ырчы озунун денгээлин билиш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо