Назира Токонова "Сүйбө мени"
03:16
7,47 Мб
Жүктөлгөн: 04-09-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.65/5
(26 добуш)
Кайырма:
Мен өзүмдү өзүм өңдөн аздырып,
Өмүр бою өтөм сени азгырып.
Жетпейм, бирок жетпейм сага атайын,
Жаш сезимди сакташ үчүн жаш кылып.
Дайым жаш кылып.

Тоскоол болуп тороп турсам жолуңду,
Жолукканда коё бербесем колуңду.
Токтобой кет, токтобой кет, суранам,
Көңүл коюп бөлбө мага оюңду.

Күндө айланып үй жагыңа барармын,
Көрсөм эгер көз ирмебей караармын.
Кечирип кой, кечирип кой, суранам,
Сени дагы сансыз ойго салармын.

Кайырма:
Турсам эгер жүрөгүңө дем берип,
Мени ойлонуп, баспа, баспа сенделип.
Башкалардан канча жакшы болсом да,
Боло албасмын, жаным, бирок сенчелик. Кызыгарсың кыялымды эскерип,
Мейли кызык, сага ошол эстелик.
Мен сүйсөм да мени сүйбө, суранам,
Жеткен сүйүү жерде калат тепселип.
Кайырма:


Комментарийлер (45)

05.09.2013. 23:44
 BeMku
Айтып койгулачы кантип көчүрсө болот? Менда уккум келип жатаат (((
06.09.2013 09:20
admin_media
BeMku,
Саламатсызбы! Оң жакта турган "Көчүрүү" деген сөздү бассаңыз көчүрүлөт.
06.09.2013. 21:17
 kuznya87
уну жакты кыздын
07.09.2013. 03:05
 kg.ik
саламатсыздарбы!
Кайырма:
Жандуйном биир озунсуз тоолукталбай.
Журомун аргасыздан соолуп калбай.
.....
журомун оозумду аяп соолуп калбаай.

Деген ыры жокпу? Назира Токонованын. Ушул ырды таба албай койдум уккандар болсо айтып койгулачы сураныыыыыыч.
28.01.2014 15:48
murat90
kg.ik, Ушул ырды таптынбы,

Комментарийлерди жашыруу
11.02.2014 00:44
kg.ik
murat90, жоок даагеле издеп журом.
11.09.2013. 17:44
 Manass12
Абдан жакшы ыр экен, мукаамдуу уну жанды эргитет экен. Чыгармачылык ийгилик Назир! Талас .
13.09.2013. 00:30
 aselrahatbekova
Nazi ejenin unu sooonun yr da super ijgilik kaalaimyn sizge>>>!
17.09.2013. 23:24
 barky312
Назира эженин унун суйуп калдым, ырыныз абдан жакты
02.10.2013. 11:14
 admin_media
gulanda01,
Саламатсызбы!
"Opera mobile" менен көчүрүп көрүңүз.
04.10.2013. 17:23
 nurperishka05
менин ырым экен ийгилик сизге
14.10.2013. 00:37
 laki
Айгеримдин үнүнө окшошубураак кетет экен. Мага жакты. Алга! ийгиликтер болсун
26.10.2013. 01:52
 Ханбийке
ааааа укмуш ырчы турбайбы бул, ырларын биринчи угушум, унуно береке!
02.11.2013. 13:05
 Djandarbek
мен кутуп издеген ыр,ийгилик!
30.11.2013. 23:05
 Jakiza
Бул ыр менин тагдырыма окшошкен
30.11.2013. 23:05
 Jakiza
Бул ыр менин тагдырыма окшошкен
18.12.2013. 00:22
 Aygerim_tls
Чын суйгон адамына ушул создорду айтып кала берет экенбиз да (
28.01.2014. 15:41
 murat90
Жан дуйном бир озунсуз толукталбай,Журомун аргасыздан соолуп калбай................. Журомун озумду алдап ооруп калбай деген ырын жуктоп койгулачы сураныч !!! Рахмат...
20.02.2014 02:53
kg.ik
murat90, издеп жургон ырды таба алган жоксунбу?
11.02.2014. 01:07
 kg.ik
автор ким? ошону айтып койо албайсынарбы?
18.02.2014. 18:52
 kg.ik
саламатсыздарбы Супер-Инфо биз суранган ырды жуктой элексинерби?
19.02.2014 10:34
admin_media
kg.ik,
Саламатсызбы! Ырдын аталышын жазсаңыздар, издөөгө жана тактоого ыңгайлуу болот. Рахмат!Модератор admin_media түзөттү 19.02.2014 10:35
19.02.2014. 15:15
 kg.ik
ырдын аталышын так билбейбиз. Бир эле жолу укктан элек.
06.04.2014. 21:07
 Lumia-800
Уну жагатда уну.,..
16.04.2014. 18:42
 aselrahatbekova
Назира Токонованын Карай бербе деген жаны чыгармасын жуктоп койунуздаааарчы
17.04.2014 10:39
admin_media
aselrahatbekova,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөп коюуга аракет кылабыз, рахмат!
06.06.2014. 13:21
 madi.love77
ыр супер....кайра, кайра угуп жатам
09.02.2015. 16:51
 april
супер, аябай жакты))) менин жан дуйном ырдап аткандай
27.02.2015. 11:45
 sezim.ibraimova
назира эженин баардык ырлары журогумон орун алган
06.05.2015. 16:22
 biikech0
мага ылайык экен)))))
14.06.2015. 01:46
 Temur
МММММММ сонун
28.06.2015. 23:36
 Aikoo2014
Ооруп каламгооо эми.
30.06.2015. 21:14
 Baha.Kent
Эн сонун. Мазмуну дагы. Ийгилик
07.07.2015. 07:59
 REKETIR
Сүйбө мени - бомба. Каким родиться чтоб петь такую песню?
25.01.2016. 20:14
 Asyl.jazi
бул ыр чыкканына 2 был болуптур, мен эми уктум. аябай жактыда.
23.08.2018. 08:52
 Maria_Lopez
жан дуйном бир озунсуз толукталбай... деген ырын жуктоп койгулаачы 2012жылдары радиодон беретле
23.08.2018 10:11
admin_media
Maria_Lopez,саламатсызбы! Тилекке каршы биз бардык ырлардын тексттерин жаттап кала албайбыз, ошол үчүн кээде таап бере албашыбыз мүмкүн. Бирок сиздин суранычыңызды аткарууга аракет кылалы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо