КЕҢЕШ тобу "Аярым"
03:55
7,17 Мб
Жүктөлгөн: 05-09-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Ташкент кызы Гүл
Обону:Мүзүр Мамбетов
Көчүрүү
  • Currently 4.54/5
(35 добуш)
Кара мончок каректериң карагат,
Караганың жүрөгүмдү жаралап.
Кайырчыдай жалдырады ак сүйүүм,
Кагып эшик бир өзүңө сагалап.

Кага албай махабатым канатын,
Кайра тапты жүрөгүмдүн жараатын.
Башка менен кол кармашып бактылуу,
Неге мени көзгө илбей бараттың?

Кайырма:
Ай, аярым, өзүңдү аядым,
Жалгандан алсырап аядым.
Ай, аярым, сүйүүңдү танбаймын,
А бирок өзүңдү аядым.

Кайгы беле махабаттын белеги?
Кыйналамын таппай анын себебин.
Кагып канат уччу жерге жетпесе,
Айтчы анда куштун барбы кереги?

Алоолонгон ак сүйүүмдү арнадым,
Алыс кагып аны кабыл албадың.
Башка нерсе айта албайм, түшүнгүн,
Бактылуу бол, менин сага каалаарым.

Кайырма:

Комментарийлер (49)

07.09.2013. 01:23
 Bolotbek7404
аябай жакшы ыр болуптур, силерге жалаң чыгармачылык ийгилик, ар дайым ушунуңардан жазбагыла демекчимин, үй-бүлөлүк бакыт каалаймын
07.09.2013. 14:42
 chuvaak22
Кенеш тобу алга-алга-жана дагы да болсо жакшы ырларды жаратып журо бериниздер...
07.09.2013. 14:49
 nazi91
супер!
07.09.2013. 16:27
 Ular86
Мага айабай жакты талантынар оркундой берсин
08.09.2013. 10:21
 eka98
Супер! Кенеш тобу Сиздерге ийгилик!
08.09.2013. 14:17
 asha302
oo kowuna jakwu yr chygaryp koigonsun goo molodecc
08.09.2013. 19:53
 Imran
Сөзү жакшы, бирок обону жаман экен. обондун үстүнөн иштеш керек эле
09.09.2013. 03:27
 mitalipov
Болот
09.09.2013. 22:13
 gulperi.kg
Ооруп калдым ыр менен
14.09.2013. 15:36
 nucu
Оой иий магада аявай жакты
25.09.2013. 12:23
 tima_kg-96
yr nisht9k eken
13.10.2013. 10:09
 koshmatov
укмушко
20.10.2013. 12:56
 AZIK01
Negedir baary muzykalaryn biri birine okshoto berem.Negizi jakshy,sonun.
02.11.2013. 13:54
 Samarbek1
5
02.11.2013. 14:57
 Asiyo
Мага абдан жакты да ушул ыр
05.11.2013. 03:32
 angelo4ka_96
Супппер
05.11.2013. 17:58
 ais-cool
Ой бул дуетке соз жок ОЗУ... ырлары ар дайым уккулуктуу, маанилуу сонун)))
07.11.2013. 22:45
 zarifa_love
ушул ырды издегениме бир ай болду,ийгилик алгааааа кенеш тобу.силердин чыгармачылыгынарга таазим .гулмира кучтуу ,чечкиндуу аял затысын,эки дуйно бактылуу болгула,коро албагандарды укпагыла.алгааааааааааа
12.11.2013. 23:27
 ikitaidesu
бактылуу болгула музур+гулмира ыр артынан ыр жараткыла онорунор оркундой берсин.
26.12.2013. 14:57
 bambucha
соонун бул ырды издей берип аран таптым ийгилик !
16.01.2014. 11:33
 kilim
аябай сонун ырдаптырлар .аябай жакты .....кенеш тобу сиздерден дагы жагымдуу ырларды кутобуз
16.01.2014. 15:04
 elya36
негизи кенеш тобу абдан жакшы ырдашат, клиби да сонун болуптурыр да мыкты.
28.01.2014. 19:46
 aizul9.kg
музыкасы аябай жакты..:)
24.02.2014. 10:30
 Manasasman
Жон эле супер. Кайра кайра угуп жатам
28.02.2014. 18:29
 maybach87
Ар ким озунун суйгонуно жетсин!
02.03.2014. 18:16
 Nuraza
Сонун ыр экен
01.05.2014. 18:25
 Asemgul.93
Мага жагат Кенеш тобунун ырлары.Талантынарга таазим!!!
13.06.2014. 18:49
 princ
эн

сонун
12.12.2015. 02:49
 Jaka1978
Аранжировкасы жакшы ырларынын,аялын уйго отур,унун жок дебей,жетелеп ырдатып жургон Музурго данк Жана дунк,канча ырчылар жаш кыздарды ырдатымыш болуп уйлонуп алып жатат
18.05.2016. 03:15
 Aziyat
Мага ушул кыздын үн кошкон жерлери гана жагат.Жүрөт эргитет го.Бирок,чынын айтсам бир эки эле ырларыңар өзгөчө,калганы баары коендой окшош.Кеңеш тобу капа болбогула чынында обондорун өзгөрткүлөчү сураныч.Тексттери мыкты.Мүзүр ырдаган жерлер баары бир темпте,бир обондо кетет.Бүт ырларлын тексти,аранжировкасы жакшы,обон жок такыр.Жөн эле окуй бербей обон жараткылачы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо