Кыял Батырканова "Бала жыты"
03:47
6,93 Мб
Жүктөлгөн: 06-09-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:С.Абдыкадырованыкы
Обону:К.Эралиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Тоо гүлүндөй жытыңан тегеренем,
Чарк айланып бала үчүн эбеленем.
Отко, сууга канаты кайрылса да,
Түтөт тура баарына эне деген.

Кайырма:
Кумарланам ансайын,
Кумарланам ансайын,
Жытынан искеп, жытынан искеп,
Садагам деп айдайым,
Садагам деп күндөйүм,
Апакең алкап.

Ак сүйүүдөн жаралган наристеби?
Аппак ууздай таптаза периштеби?
Бала деген жүрөктү толгоп турган,
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги?!

Кайырма:

Мен эненин бир эрке баласы элем,
Өтөт тура зуулдап өмүр деген.
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп,
Эзилишип отурам балам менен.

Кайырма:

Комментарийлер (8)

09.09.2013. 10:28
 aibektemurov
оо кандай сонун керемет ыр. убагында Каныкей Эралиева апжебиз ырдап жургон ыр
01.04.2014. 06:03
 Beka1986
Эн сонун ырдаган
12.01.2015. 21:29
 nukesh
соонун ыр керемет саптар
26.01.2015. 00:58
 bektashova_ayzada
Баласы үчүн бар бекен башына түйшүк үйбөгөн, балам жашап жүрөмүн... деген ыр бар эле го, ошол ырдын мр3син табууга жардам бериңиздерчи Супер-инфо????
26.01.2015 14:12
admin_media
bektashova_ayzada,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
30.01.2015. 21:49
 bektashova_ayzada
Рахмат, күтөм

12.08.2015 13:20
sladkaja_konfetka
bektashova_ayzada, Гулнара Кахарова ырдайт "Ыйык сезим"
03.05.2017. 10:12
 Chimberdiev
Вапще сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо