Канымжан Жаманбаева "Табышмак сезим"
03:24
3,12 Мб
Жүктөлгөн: 10-09-2013
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б.Абакировдуку
Обону:А.Керимбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(3 добуш)
Көрүнүп көзгө ириде,
Көп карап жалжал тигилсем.
Кете алгыс кылып байладың,
Керемет сүйүү жибине.

Карашың мага от болуп,
Жалындайт денем чок болуп.
Арнаган жылуу сөздөрүң,
Кабылсам кетет жок болуп.

Созулду жылдан жыл өтүп,
Суурудуң жазда гүл үзүп.
Табышпай канча жүрмөкпүз,
Табышмактуу, сырдуу сүйлөшүп?..

Серп этип кирпик илине,
Себепкер сенсиң ириде.
Чыга алгыс кылып байладың,
Сыйкырдуу сүйүү жибине.

Комментарийлер (1)

16.09.2013. 15:15
 Kunan
Азаматсын. Керемет ыр болуптур. Ырдын тексти болсо берип койосуздарбы? Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо