04:16
4,88 Мб
Жүктөлгөн: 12-09-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
Керме-Тоо этегинде бир калаа бар,
Ал шаарды көрктөндүрөт бак-дарактар.
Суктанып аваз кылып жамалыңа,
Дайыма ыр ырдайбыз, ыр ырдайбыз, дайыма биз, таланттар.
Илгертен жол арытып кербен келген,
Байыркы Улуу Жибек Жолу менен.
Сулайман, Ак-Буураны жердеп элим,
Карытып кылымдарды, кылымдарды карытып жашап келген.
Ошум - ордо калаам байыркы
Ошум - жаштар шаары азыркы
Ошум, Ошум суктанган дүйнө элдери
Ошум - көп улуттар мекени
Ошум...
Ошумдан далай өнөр ээси чыккан,
Калкы бар ынтымактуу ар улуттан.
Элимдин пейли кенен, эмгеги зор,
Салт кылып улуулардын, салт катар акылмандын кебин уккан.
Ошум - ордо калаам байыркы,
Ошум - жаштар шаары азыркы.
Ошум, Ошум суктанган дүйнө элдери
Ошум - көп улуттар мекени
Ошум...
Комментарийлер (1)