Добр, Назира Токонова "Жашоо бир келет"
04:15
8,79 Мб
Жүктөлгөн: 16-09-2013
Жанр: Рэп (Хип-хоп)
Сөзү:Добрдуку
Обону:Добрдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.64/5
(11 добуш)
Жаштык кезге жан тартып, жүрөгүмдөн карып,
Көлөкөмдөн көрөм кээде күнөөмдүн баарын.
Көкөлөттүң көккө, бөпөлөтө багып,
Кыйшайганда түзөп, уу жыландай чагып.
Алга кадам таштагансып жаңы,
Ар бир адам терең ойлонуусу зарыл.
Таштаарында багыт, аркалаган бакыт,
Тап берсең кайра, кутурган иттей кабып.
Өмүр өтөт, кайрылып келбейт дагы,
Таяк, жөлөк сага боло алышпайт баары.
Жараланган жүрөк таппай келет түнөк,
Ар бир адам жутса өлбөс суусун, мүрөк.
Кайылмын баарына, кайдигер арыма,
Коркомун калыштан Кудайдын каарына.
Жүрөгүмө кек сактабайм, өкүнбөймүн,
Кудайыма шүгүр, берген үчүн өмүр.

Кайырма:
Жашоо бир келет, жаңылбай жашоо керек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.
Жашоо бир келет, бул жашоо сыноо, элек,
Жарык дүнүйө Кудайдан берген белек.

Жашоо гана бир келет, ар бир күнүң белек,
Жашоого сен эмес, жашоо сага керек.
Тиле өмүр, ден соолук, аны Кудай берет,
Келечегиң болсо, эртеңки күн келет.
Алгач ирет Кудайдан тиле ыйман,
Азыр бул заманда кыйын болуу адам.
Жаса кадам, алдыга ташта максат,
Бекер отурбастан, аракет кыл, башта.
Жашоо такыр бөлөк, андан күтпө көмөк,
Жаратканым гана сага болот жөлөк.
Күйүмдүүлөр ата-энең, бир үй-бүлөң,
Алардан ал бата, сый-урматка бөлө.
Жүрөгүңдөн, күмөн санаба өзүңдөн,
Өткөнгө өкүнбө, ал дагы күн өтөр.
Алгач адам бол жөнөкөй, анан
Көкүрөктө калган эгер болсо ыйман.

Кайырма:

Өмүр деген - узун дайра,
Артты көздөй ал акпайт кайра.
Жаштыгың ал ошол дайра сымал,
Канчалык өкүнбө кайрылбайт ал.
Убакыт бул - учкан куштай,
Учурунда карма колго уучтай.
Тагдырга таарынба, ал кээде сынайт,
Ак ийилет, бирок такыр сынбайт.
Багыттайт жүрөгүң туура жолго,
Эң башкысы, сен аны жоготпо.
Адашпа жолуңдан, ыйманыңдан,
Сак боло жүр андан айрылуудан.
Бул өмүрүңдө эч бирөөгө,
Эч качан эч сын тага көрбө.
Жаңылбаган эч бир адам
Болгон эмес, жаса алга кадам!

Кайырма:

Комментарийлер (36)

16.09.2013. 23:23
 barky312
Азаматсынар! Абдан жакты, сонун
16.09.2013. 23:55
 sheri-kgz
+4
17.09.2013. 00:30
 kanatchik94
супер ырды супер ырчылар ырдаптыр браво
17.09.2013. 01:51
 omurbek9393
Охоо Добр барсынбы жакшы ыр.
17.09.2013. 02:40
 MamanoV
nishtyak brat
17.09.2013 20:30
sumka
super ekenn!emi bir super klip tartyp koigula
17.09.2013. 11:10
 admin_media
tynar92kg,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы кайталанып жатабы?
17.09.2013. 12:31
 ayaza
орто
17.09.2013. 16:18
 admin_media
tynar92kg,
Саламатсызбы! Сизге купуя менен жооп берилди.
18.09.2013. 10:40
 ysmanali
Красавчик Добр
19.09.2013. 22:35
 Kamalbek
Сонун ыр Добр молодец биздин патриот репер!!!!!!!!!!
19.09.2013. 23:36
 Baktyluu_Jigit
Сонун Добр патриот
20.09.2013. 23:34
 azman
Аят 3 "Жашоо бир келет" тасмасынын саундтреги)))
28.09.2013. 21:03
 nsk-mk
эн соонун!
04.10.2013. 01:19
 mayoral
Uvajayu
08.10.2013. 06:44
 minara
Алга!!!
13.10.2013. 10:13
 koshmatov
мага аябай жакты
22.10.2013. 09:17
 yuzhnaya89
Жакшы ыр экен
13.11.2013. 12:08
 baha76
добр алга
30.11.2013. 17:14
 blackred
абдан жакшы ыр болуптур мага абдан жакты азаматсыз!
05.12.2013. 17:44
 Aikosha_95
Abdan maanilu yr eken, Azamat Dobr!
06.12.2013. 12:23
 nurs7500
жашоо бир келбей, жашоого бир келгенибиз эле болбосо баары жакшы
09.12.2013. 20:00
 ice_baby
Urmattuu admin. Dobrdun "Jawoo bir kelet" yry ska4at etilbei jatat. Kandai jardam bere alasyzdar?
10.12.2013 09:44
admin_media
ice_baby,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
11.12.2013. 18:54
 tilek-x
Сонун ыр экен супер!
16.01.2014. 22:25
 Elaman_Nurkanov
Өмүр деген - узун дайра,
Артты көздөй ал акпайт кайра.
18.01.2014. 17:38
 oroz_kg
+1000000....
Эн соонун
01.03.2014. 23:13
 AGENT2014
супер супееер ыр)))))))))))))))))))))))))))
05.03.2014. 09:40
 admin_media
Maksat94,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
24.06.2014. 11:40
 kama_future_millioner
Жашоо бир келет. Жанылбай жашоо керек
19.01.2015. 10:18
 urmat92kg
"АДМИН"Сиздерден отунуч ,ушул ырдын башка вариантын уккан елем, бегиш ырдайт болуш керек .Бирок интернеттерден издеп таппай койдум, жуктоп койо аласыздарбы сураныч..... анын КАЙЫРМАСЫ мындай .. Алсыраган сезимдер келишеет сага дагы мага ,жан дуйномду эргиткен периштеем ..бирок Музыкасы ушул болчу ...СУРАНЫЧ ,,,алдын ала ТЕРЕЕЕН ЫРААААЗЫЧЫЛЫК билдирип кетмекчимин РАХМАТ!!!
19.01.2015 16:07
admin_media
urmat92kg, Саламатсызбы! Ырдын автору ушул эле вариантта ырдалганын кабарлады.
05.09.2020. 11:57
 altysh.97
Ыр аябай жагат
Мага мотивация берген ыр
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо