Нурлан Насип, Малика Дина "Тунук махабат"
03:19
7,57 Мб
Жүктөлгөн: 17-09-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(63 добуш)
Гүл болуп ачылайын, сага карайын,
Сезимди барктай алсаң сүйүүм арнайын.
Ак куудай апакайым, бир сени тандаймын,
Кол кармашып түбөлүк жүргөндү самаймын.

Кайырма:
Жүрөк толкуп турат, сенден үмүт кылат,
Балкып кетип мээримге кайра сүйүү сунат.
Айга-күнгө теңеп, көкөлөткүм келет.
Махабатты туу тутсак, бизге бакыт берет.

Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот,
Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот.
Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот.
Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот.

Кайырма:

Жүрөктө сүйүү болсо, кубанып жүзүң жанат,
Сезимиң тунук болсо, махабат гүлүн ачат.
Кош жүрөк бирге болсо, бакыттын балын татат,
Жалгыздык кош айтышса, жакшылык жалын чачат.

Кайырма:

Комментарийлер (60)

02.10.2013. 23:01
 sapargul92
сонун ыр болуптур клипи барбы
06.10.2013. 12:08
 ayakosya
Малика качан жаны клип тартасын. Сенден жакшы ырларды кутобуз.
07.10.2013. 16:24
 jazka-jaz77
Журок эс ала турган ыр болуптур азаматтар.
11.10.2013. 17:50
 nuraid
соонун, малика жакшы ырдайт экен
13.10.2013. 08:56
 fayzi
концертинде аябай элэ уят болуптур бирок Нурлан бир айласын таап кетиптир ыр орто элэ 5
13.10.2013. 18:47
 Supsuluu
Тим эле экоо соонун жарашып калат экен го таптатына болуп. Ундору да топ келип бири бирине. Азаматсынар, ийгилик.
18.10.2013. 20:53
 luna55555
молодцы супер ,..
19.10.2013. 13:49
 ZZ94
нурландын голосу жайында ал эми маликага келсек уну ырга дал келбей калган анан ырды кыйла еле бузуптур
03.11.2013 13:20
zamir93
ZZ94, бузбай эле
06.11.2013. 13:44
 rus9223
жакшы ыр,азамат ийгилик.....
11.11.2013. 00:59
 gylbaira
Жакшы ырдашкан азаматсынар!
13.11.2013. 01:07
 Begimai.ru
Мага жаккан жок Малика манкача ырдап нурландын унун бузуптур.
15.11.2013. 20:48
 tavsan
maga dagy jakty bul yr :)))
29.11.2013. 05:05
 bakalbaev.mirlanbek
Да Супер
06.12.2013. 16:28
 kampotik-91
Нурландын голосу аябай таза. баардык ырлары ничего
гооооо молодец
10.12.2013. 13:42
 periwtem
Жакшы ыр,супер.
16.12.2013. 02:05
 Mariyana
молодцы супперсинер!!ийгилик жаны чыгармаларды кутобуз.
22.12.2013. 00:28
 urmat_88-kg
Жаккан жок манкаланып ырдаган. Нурландын унуно болсо соз жок.
01.01.2014. 23:38
 sambo
Мага да жаккан жок Султандын унуно жетпейт баарыбир!
03.01.2014. 01:00
 juliy
сонун ыр болуптур
11.01.2014. 19:52
 Elvinka
Соннууууунн)Маликанын уну ааабдан жагатта мага*
18.01.2014. 20:42
 elzat150498
сонун ыр болуптур маликаны уну жакты
19.01.2014. 23:41
 timur1995
абдан соонун ыр нурлан байке дагы коп ырларды жарата беринис унунузго береке
23.01.2014. 22:39
 askat.92
ишинерге ийгилик ыр жакты
15.03.2014. 23:27
 Takesha87
жакты олоо сонун
15.03.2014. 23:33
 Takesha87
ништяк ыр екен
28.07.2014. 15:05
 bonka
Ак куудай бирге болсок сүйүү ак болот,
Көңүлдөр болуп куунак, башка бак конот.
Жылуу сөз айтсаң мага жүрөгүм козголот.
Келечек чачып нурун, кыялдар ойгонот. Jkty ushul jeri
21.03.2015. 08:25
 myrzagul.86
аябай жакшы ыр анан малика сага ийгилик унун булбулдай болуп коп ырларды жарата бер.сенин унундой эч ким жок.супер.ал эми коро албагандар сага суктанышып журо беришсин.
17.04.2015. 10:48
 aizbek
Жакшы ырдашыптыр,дагы жакшы ырларды жарата бергиле
11.05.2015. 23:04
 Tilekk
Салам, урматтуу админ, ушул ырдын минусун таап берсениз абдан ыраазы болот элем?
20.07.2015. 14:54
 dastan_nookat
Ununor en jakshu !
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо