Анжелика "Сагыныч"
03:21
4,69 Мб
Жүктөлгөн: 18-09-2013
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.36/5
(25 добуш)
Сансыз күндөр закымдап өттү сызып,
Сага деген сезимдер алып учуп.
Махабаттан буюрган энчибиздей,
Сагынычта жүрөбүз сагынышып.

Кайырма:
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.

Сагынычым таркабай улам ашып,
Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып.
Өзүңдөн аян алып жатканымды,
Негедир эстей берем санаа басып.

Кайырма:

Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып,
Сагындырып, сагынып, сагынышып,
Бул жарыкта кайгыны унутуп салып,
Махабатка жашайбыз табынышып.

Кайырма:

Комментарийлер (20)

18.09.2013. 22:10
 koshmatov
жакшы ыр экен
18.09.2013. 22:52
 karo
Соонун гоо))
18.09.2013. 23:17
 beko-
анча жаккан жок
19.09.2013. 11:06
 ysmanali
Жакшы ыд экен
26.09.2013. 00:15
 kanat4ik
Голосу эми жакшыраак чыгыптыр, ыр орто
27.09.2013. 03:53
 aselia_love
эн сонун ыр мага жакты!
03.10.2013. 13:20
 tntonlain92
просто класс
06.10.2013. 17:41
 fqcekee
голосу мурункуга караганда жакшы бирок дагы иштеш керек
10.10.2013. 10:51
 jorobek.94
Абдан соонун ыр экен
12.12.2013. 21:32
 missnelya
аябай сонун ыр экен.Клип дагы сонун болуптур.Анжела молодец,негизи эле суктанаарлык сулуулугу бар айым.Минусун кайдан тапсак болот экен, билбейсиздерби?Тойлордо ырдап койгонго.
17.12.2013. 19:42
 kubatbekabdaliev
жакшы деле емес, -1 коет элем, кат жазгандай эле болуптур, ыр музыкасы окшобойт
19.01.2014. 01:57
 sarala
ai emne kochurulboit iaaaaaaaaaaaaa :(
20.01.2014 11:13
admin_media
sarala,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
22.01.2014. 21:04
 Baaah
Ушундай ырлар коооп коооп боло берсин,ар дайым мээнетиниз жана берсин,сизге чоон чооон ийгиликтерди кааааалаймын.
04.02.2014. 17:25
 aliya2013
soonun eken
09.03.2014. 19:35
 shazi
Мага жакты сонун ыр экен.
29.05.2014. 14:15
 maksimus
Jakwy, Negizi uwu siyaktuu tynch nazik yrlar jarawat. kuchtuu yrlarga unu jetpei kalat da apchemdin
13.06.2014. 03:37
 Nursultan
болот
23.08.2014. 00:15
 Gaydana
Мага да аябай жакты:-D
04.10.2014. 22:09
 Ajo.kg
Мага да жактыы)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо