Айнура Салахидинова "Ак сүйүүнү сыйлайлы"
03:11
2,91 Мб
Жүктөлгөн: 20-09-2013
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.25/5
(4 добуш)
Кандай жакшы ак сүйүүнүн бардыгы,
Кара түндү жарган сымал таң нуру.
Майрам күндөй маанайың шат жүрөрсүң,
Махабаттын толуп турса сандыгы.

Кайырма:
Келгиле, ак сүйүүнү аздектейли, сыйлайлы,
Махабаттын аруу ырын ырдайлы.
Бул өмүрдө болбосун деп муң-кайгы,
Шаңданалы ырдап, күлүп жыргайлы.

Жан дүйнөңдү аруу сезим уялап,
Жаман ойду жардан алыс кубалап.
Ак тилегин арнап турса жакының,
Арзуу гүлү көркүн ачып буралат.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

22.09.2013. 14:31
 omurbek9393
Жакшы ушул ырынызда унунуз бир аз шандураак чыгыптыр.
25.09.2013. 19:35
 4aidai
Соонун ыр экеню Жакшы ырдаптыр!
24.10.2013. 21:13
 kuzia
Мага Айнуранын ырларынын баары жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо