Султан Садыралиев "Эки жаш"
03:20
3,05 Мб
Жүктөлгөн: 01-10-2013
Жанр: Поп
Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:С.Садыралиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.04/5
(28 добуш)
Кармашкан эки кол,
Жанашкан эгиз жол.
Ээрчишип бир жандай,
Телегейиң тегиз бол.

Сезимге дил болуп,
Колдогон пир болуп.
Аталып үй-бүлө,
Максатыңар бир болуп.

Кайырма:
Ырыскы чача берсин,
Калайык бата берсин.
Сүйүүңөр түбөлүккө,
Алоолоп жана берсин.

Сен ага керексиң,
Бактыга себепсиң.
Алмашкыс эч качан,
Баасыз алган белексиң.

Жолуңар улансын,
Сүйүүдөн куралсын.
Небере жытына,
Ата-энелер кубансын.

Кайырма:

Комментарийлер (31)

01.10.2013. 17:05
 gul-bibi9109
Сонун ыр азыркы сезонго как раз)))
01.10.2013. 18:00
 warrior96
Jaktyy maga ""
Жолуңар улансын,
Сүйүүдөн куралсын.
Небере жытына,
Ата-энелер кубансын.
01.10.2013. 19:44
 aijanajana_7
супер... Султан байке соонун болуптур...
01.10.2013. 22:15
 Nurik_UFC
брат бар экенсинго +5
02.10.2013. 07:58
 sambo
СУПЕР супер супер супер!!!!Азаматсыз Султан мырза. Соонун ыр болуптур.Сиздин ырыңызды сүйүп уккандар дагы да сизден ушундай мыкты ырларды күтүшөт.
02.10.2013. 14:46
 sara90
molodest....
02.10.2013. 17:34
 foto
негизи султан башкаларга караганда ырды жеткилукту аткарып ырдайт , ийгилик ,
02.10.2013. 19:34
 ayakosya
Той сезондун башталышына карап чыгаргАн го азаматсын СУЛТАН.
03.10.2013. 08:07
 janchar
Каныкейдин Куйдум Чок деген ырды жандуу ун менен ырдаганы бар баардык концерттеринде ырдайт ошол ырды киргизип койгулачы сураныч
03.10.2013. 10:35
 rahilka
молодчик
03.10.2013. 11:24
 omurbekkutibaev77
жакшы ыр болуптур, бирок Султандын мурунку уну жакшы эле...
03.10.2013. 11:58
 КОЛЮЧКА
Ала жааа-а-ат %)))
03.10.2013. 18:54
 sumka
keremeeeeeeeeeeeeet yr eken turmushka 4ykkanymda uwul yrdy maga yrdap bergile eee toubuzda))))
03.10.2013. 22:32
 beko-
жакшы ыр экен
03.10.2013. 23:08
 ysmanali
Звезда да ушундай ыр ырдайбы?
04.10.2013. 10:30
 ruslan95
Султан садыралиевтин ырларынын баары жагат мага,угудан тажабайм,,???
05.10.2013. 13:21
 fayzi
Саламатсыздарбы мен бир ырды издеп жаттым элэ эч табалбай жатам мумкунчулугунуздор болсо таап бере аласыздарбы ырдын атын жана авторунда билбейм.бирок ыр саптарын билем. Мындай деген саптар болчу. Бир кыз ырдайт.
Туболук билсен ойлодун бекен,
Журогун сенин башкада экен,
Бактымдан эми баш тартпайм эч бир,
Чыгарып сени таптакыр эстен².
К-ма
Бирок сен билгин кеч болот анда
Ак суйум соолуйт арнаган сага.
Ушундай ыр саптары менен коштолгон ыр эгер таап
31.03.2014 01:13
Aikoo2014
fayzi, Айнагул Орозбек кызы "Армандуу суйуу"
05.10.2013. 23:52
 omurbek9393
Жакшы...
06.10.2013. 08:32
 Kumichi_93
уну озгоруп калыптыр,башта жакшы эле!ыр жакты
06.10.2013. 13:07
 Medet86
жакшы болбойкалыптыр
09.10.2013. 15:03
 bunny89
жакшы ыр экен
10.10.2013. 11:04
 sambo
super.kg сиздерден сураныч Султандын ЖАҢЫ Аллах деген ырын, Султан Элтр каналынан домбра менен ырдаганын уктум эле.Мумкун болсо Султандан сурап койосуздарбы качан ошол ырын элге тартуулайт экен. Алдын ала чоооң рахмат.
22.10.2013. 17:53
 Nurik_UFC
ушул ыр тойлордо аябай мода болуп жатат
06.11.2013. 22:52
 sambo
Оба Чындыгында тойлордо абдан популярдуу болуп учурдун эн мыкты ыры болуп жаткан учуру!!!
29.03.2014. 22:42
 MMA_1
Музыкасы өзгөчө жакты.
09.04.2014. 11:17
 Zhanybek88
Жакшы азамат
20.08.2014. 21:12
 ulan1990
сураныч ушул ырдын минусун жуктоп койгулачы сранам
22.10.2014. 17:52
 beka1511
Super.KG минусун киргизип коесуздарбы сураныч
22.10.2014 18:06
admin_media
beka1511,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз, http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11 бул жакка жүктөп жаткан колдонуучулардан суранып көрүңүз. Рахмат!
26.02.2016. 23:08
 Gulshan_kf
Ушул ырды издеп журдум эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо