Абдыманап Төрөбеков "Бир келип кетчи Ош жакка"
04:51
11,07 Мб
Жүктөлгөн: 03-10-2013
Жанр: Эстрада
Обону:Абдыманап Төрөбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(4 добуш)
Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөптөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.

Кайырма:
Э-эй, наздана күлүп сүйлөгөн,
Жаныңдан акең садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Суу болуп алыс аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.

Кайырма:

Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып күтүп жүрөмүн,
Сүйгөнүм, сендей гүлдү эңсеп.

Кайырма:
Э-эй, наздана күлүп сүйлөгөн,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Комментарийлер (1)

29.10.2013. 00:21
 gvlqoro
абдыманаб байкеге узун өмүр !!! чыгармачылк ийглык болсун !!! кытайлк кыргыздардан сизге улуу урмат !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо