Бактыгүл Бадыева, Алтынбек Алымов "Ашыкмын"
04:37
3,18 Мб
Жүктөлгөн: 09-12-2009
Сөзү:Алтынбек Алымовдуку
Обону:Алтынбек Алымовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.36/5
(11 добуш)
Бактыгүл: Жолугуштук буйрук болуп өзүңө,
Жолум тоспой көңүл бөлчү сөзүмө.
Жасалмалуу жалган сөздөн жадагам,
Ишеничтүү сөзүңдү айчы көзүмө.

Алтынбек: Анда айтам ашык болдум бир сага,
Күмөн санап ишенбейсиң сен мага.
Жаратканга ыраазымын түбөлүк,
Алмаштырып, теңебесең башкага.

Кайырма

Ашыкмын сага гана мен,
Кол сунуп мага гана сен.
Жар болуп мага гана сен, сага гана мен,
Ишенем сага гана мен,
Үмүтүм, жароокерим сен.
Кол сунам сага гана мен...

Бактыгүл: Ишенемин ушул буйрук тагдырга,
Илгери үмүт менен жашайм бактыма.
Ысык-суугун бирге тосуп турмуштун,
Ыйман болсун, а калганы алдыда.


Алтынбек: Термелтели ак сүйүүнүн бешигин,
Тилек кылып перзент бизге беришин.
Сергек карып бул өмүрдө бир келген,
Сезимдерге ачтык турмуш эшигин.

Кайырма

Ашыкмын сага гана мен,
Кол сунуп мага гана сен.
Жар болуп мага гана сен, сага гана мен,
Ишенем сага гана мен,
Үмүтүм, жароокерим сен.
Кол сунам сага гана мен...

Комментарийлер (17)

12.12.2009. 19:01
 temirlan
maga jakkan jook:((((
08.01.2010. 20:10
 kschopa
Жакты, жагымдуу ыр экен, жана жакшы ырдашыптыр.
27.01.2010. 16:58
 Bahtin
Мага жакты! СУПЕР ЫР екен! Бактыгуль молодец!!!
01.03.2010. 18:38
 Кайрат
Саны бар сапаты жок ыр. Нервине тиет да нервине!
17.03.2010. 14:09
 kschopa
Нервине тийсе укпа!!! Мен мисалы, нервиме тийген ырчылардын ырларын укпайм, такыр укпайм, сен да ошондой кыл, нервинди сакта!
Ыр соонун, супер!
15.06.2010. 13:43
 jiya
Altynbek Alymov yrdagan jeri jagat al emi Baktygul kyinalyp yrdait,no araket kylat.....
05.08.2010. 17:58
 baby
алтын аке аябай таланттуу екенсиз молодец супер
20.05.2011. 23:41
 Eliza
эн сонун ыр жакпагандар укпагыла да
14.09.2011. 09:31
 Muratbei
Muzyka satyp koidu go menimche
15.09.2011. 10:42
 guliakg
суппер!!! эн сонун ыр. Угуп олтура бере турган.
01.04.2012. 10:54
 nukuntai
sonun yr eken,rahmat silerge Baktygyl jonundo kandai jaman sozdor aitylsada ishenbeimin azamatsyn alga
20.05.2012. 13:43
 nurkaa
Алтынбек мырзанын ырлары мазмуунду соонун бирок аз жагы-дагы ырларды жарата берсин
25.05.2012. 18:42
 saia4ka
aiabai nazik yrdawyptyr, jakwy maanilyy
25.05.2012. 20:16
 noeli
соннун!
26.05.2012. 21:18
 kgnazikg
сонун ыр
12.06.2012. 22:49
 placer
Блюз, не то
19.12.2012. 00:32
 sssr
Соонун ыр!!! Жактыыы!!! Азаматсыңар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо